Өлкөдөгү кырдаал али оор. Эл катуу чайпалды. Мыйзамдар чаң тополоңу чыгып бузулуп, "эт эмес табагыңды таап ал" болдук. Абал жаңыдан турукташып келатат. Өз кара жандарын, жеке кызыкчылыктарын мамлекеттик кызыкчылыктан, элдин кызыкчылыгынан жогору койгон ЖКтин 6- чакырылышынын депутаттары абалды турукташтырууга ыкчам киришүүнүн ордуна көнгөн адаттарынча ар кандай саясий оюндарды жүргүзүп, интиригаларды уюштурушуп, "кайсыл тараптан чөнтөк жылыткан мүмкүнчүлүк чыга калаар экен"- деп көздөрү кызарып эл өкүлдөрү эмес эле "Эл душмандары, акмактары" экендиктерин дагы бир жолу ачык көрсөтүштү.
Али да ар кандай сырткы жана ички нети кара күчтөр коомду тынчытпай чайкай берүү аракеттерин токтотуша элек.Жакында токтотушпайт дагы. Өтө чоң каражат чачып эч нерсеге жетпей талаада калгандар көп болду.
Мындайда ар бир кадамды акыл калчап "Жети өлчөп бир кесип"- иш жүргүзбөсө кичине эле жылчык болсо "жырып" жиберүүгө даярлар аңдып турушат.
Шайлоо маселеси чечилбей ара жолдо турат. Баш мыйзамды өзгөртүү демилгеси көтөрүлүүдө. Мунун баары эле коомду тынчытпай кытыгылай берүүчү процесстер. Туура кадам жасаш үчүн эмне кылуу керек?
Жалпы элдик референдум өткөрүү сунуштайт элем. Эки маселе 1- Баш мыйзамды өзгөртуугө "макул" же "каршы". 2- Садыр Жапаровдун ПМ бийлигин толук лигитимдүү деп таануу. Оор кырдаалдан дагы да болсо эл арачы болуп чыгарып кетсин.
Референдум өткөрүлүп, шайлоо маселеси, Баш мыйзам маселеси, бийликтин толук лигитимдүүлүгү толук чечилмейин С.Ш. Жээнбеков Президенттик кызматынан кетпей иштеп турганы туура болот дейт элем. Кырдаал бат-бат өзгөргөн мезгилде жашап жатабыз. Биздин өлкөдө эле эмес дүйнөдөгү абал да туруктуу болбой чайпалып турат. Аты жаман оорунун экинчи толкуну дүйнөдөгү мамлекеттердин шаштысын кетире баштады. Коңшулардагы, өзгөчө Россиядагы абал оорлоп баратат. Мындай кырдаалда БУУ баш болгон дүйнөлүк мамлекеттер тааныган мыйзамдуу бийлик туруктуу иштеп турушу керек. Биздеги туруктуу, толук мыйзамдуу бийлик бир гана Президент болууда. ЖКтин депутаттарын болсо көрдүңөр. Эгер Президент арызын жазып кетип калса мыйзам боюнча Президенттин милдетин аткаруу Премьер Министирге Садыр Жапаровго жүктөлөт. Тышкы мамлекеттер эле эмес өз ичибизде ПМнын бийлигинин толук лигитимдүү экенин тааныбагандар чыгып, кыйчалыш болуп турганда С.Жапаров эки жүктү бирдей тартып кете алабы? Өтө оор болуп калбайбы? Мына ушул жагын терең ойлонуу керек. Мамлекеттин элин кызыкчылыгын биринчи орунга койсок бийлик толук мыйзамдуу жолуна түшүп, ар кандай оюндар токтомоюн Президент Жээнбековдун кызматтан кетип калышы туура болбой калат деп ойлой. Бул менин жеке пикирим. Балким түзүлгөн оор кырдаалдан чыгуунун башка да мыйзамдуу жеңил жолу бардыр. Сунуш кылып көргүлө. Бирок МАМЛЕКЕТТИН, ЭЛДИН КЫЗЫКЧЫЛЫГЫ БИРИНЧИ ОРУНДА ТУРСУН. Жеке же ар кандай топтордун кызыкчылыктарын таңуулабагыла.