Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 111

"Биринчиден, "Азаттык" радиосу бир тараптуулукка жол бербегиле. Силердин аракетиңерден Садыр Жапаров тууралуу  бир тараптуу маалыматтарды берип, аны жаманатты кылып жатасыңар. "Азаттыктын" трибунасын бардык тараптар пайдалынышы керек", - деди "Келечекке жол" Элдик кеңешинин төрагасы Турсунбек Акун "Азаттык" радиосунун эфиринде. 

Ошондой эле, Турсунбек Акун Кыргызстан азыркы туңгуюк абалдан сырткы күчтөрдү аралаштырбай, өзү чыгып кетиши керек деп эсептейт. Эске салсак, бүгүн Орто Азия мамлекеттеринин президенттери биргелешкен кайрылуу менен чыгып, кыргыз элин тынчтыкка, ынтымакка чакырган.

"Кыргызстандын ишине башка мамлекеттердин кийлигишүүсү жакшы эмес. Президентибиз бар, депутаттарыбыз бар, патриотторубуз бар. Аксакал саясатчы катары, учурдун саясатчылары бир күчкө биригишин каалайм. 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Роза Исаковнанын айланасына биригишкен. Азыр да баарыбыз бир адамдын айланасына топтолушубуз керек", - деди ал.