Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 120

-Азыр коркунучтуу кырдаал жаралды. Тынчтыкты жоготуп баштадык, эшикке чыгуу опурталдуу болуп калды. Акылга келели. Садыр Жапаровго мүмкүнчүлүк берели. Бул жигит эл үчүн, мамлекет үчүн иштейм деп жатат. Кыргыз элим, ойлонолу, бүт дүйнө бизди карап турат. Тереңдеп кетпейли. Жаштарга кайрылам, акылыңар бар, ойлонуп көргүлө, элибизге тынчтык керек! Элдин, аксакалдардын тиленгени тынчтык, жакшылык. Садыр Жапаровго асылууну токтотуп, иштөөсүнө жол ачалы. Мүмкүнчүлүк берели.