Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 183

Асты артыңды карап акылга келиш, ыйманга келиш, Жараткан Кудайга тобо келтириш кыйын экен да. Кечө эле түрмөдө жатып канча бир жылдардан кийин да эркиндике чыгаарынан үмүт үзгөндөр, чаң- тополоң, төңкөрүштүн аркасы менен жарыкчылыкка чыгаары менен кечөкү эле саргарып жаткан күнүн унутуп бүгүн бийлик талашып турганын кандай? Бул сөздүн Садыр Жапаровго тиешеси жок. Ал ак жерден камалып жаткан. Анын бийлике келишин эл канча бир жылдан бери тилеп келаткан. Сөз жанагы чыныгы ууру, коррупционер, кылмышкер чыныгы жазасын алып камакта жаткан акмактар жөнүндө болуп атат.

Арам акчаңарды чачып кайра арам иштерди баштаганыңардан майнап чыкпайт. Болгону чыныгы жүзүңөрдү көрсөтүп атасыңар. Эл эртең эле жанагы жол жууган машинедей эле силерди зырылдата кубалап жууп салат да кайра чыныгы жата турган ордуңар түрмөгө тыгат. Эми ал жакка  экинчи чыккыс болуп киресиңер. Акылыңар болсо тынч үйүңөрдө жатып Жараткандын ушунусуна да тообо дегиле. Арам акча чөнтөгүңөрдү тээп тынчытпаса мамлекеттин бюджетине төгүп койгула. Андан көрө элдин ынтымакка келип тынчышына салым кошкула. Садыр Жапаровду колдогула.Эл ыраазы болот. Кайта-кайта эле тырмоочту баса берсеңер анда силерге убал жок.

Чолпонбек Абыкеев, жазуучу