Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 987

ЖК депутаттарынын көпчүлүк добушу менен жакында шайланган спикер Мыктыбек Абдылдаев Сооронбай Жээнбековго импичмент жарыялоо боюнча документке эмнеге кол койбогонун түшүндүрдү. 

"Мен ал документ менен таанышып чыгышым керек эле. Ошондуктан убакыт керек болду. Кол коюудан баш тарткан жокмун. Документ менен таанышууга убакыт сурадым", - деди ал. 

Ошондой эле, Абдылдаев бир катар депутаттар, алардын арасында Төрөбай Зулпукаров менен Асылбек Жээнбеков добуш берүү боюнча ишеним катты спикердин жана өкмөт башчынын отставкасы боюнча беришкенин белгиледи. 

"Алар Садыр Жапаровду премьер-министрликке дайындоо боюнча ишеним кат беришкен деген чындыкка дал келбейт. Алар чындыгында эле ишеним кат беришти, бирок Дастан Жумабеков менен Кубатбек Бороновдун отставкасы үчүн беришкен", - деди Абдылдаев.