"Мен саясий эксперт эмесмин, бирок Кыргызстандын жараны катары учурдагы кырдаал боюнча пикиримди билдирип коюуну туура таптым. Менин оюмча, өкмөт башчылыкка Садыр Жапаровдун талапкерлиги туура болуп турат. Себеби бул бала башынан көп кыйынчылыктарды өткөрдү. Саясатта көп жылдан бери жүрөт. Жаманды да, жакшыны да көрдү. Түрмөдө жатты. Жакындарынан ажырады. ЮАРдын Мандела Нельсон деген президентти болгон, ал дагы көп жыл түрмөдө жатып чыгаары менен президенттикти алган. Мына ошол президент өлкөсүн өнүккөн мамлекетке айлантууга жетишкен. Азыр бизде ар кандай болуп жатат, Садыр Жапаровго каршы чыккандар да бар. Кимдер каршы чыгып жатканын сезип турам, алар олигархтар, мамлекеттин эсебинен байыгандар. Анткени, алардын баарын кустурат. Байлыктарынын баарын ордуна коет. Жаштарга айтаарым, Садыр Жапаровду колдогула, силер талап кылган люстрацияны да ушул жигит ишке ашырат. Бул жигиттин кыргызды жакшы турмушка жеткирем деген ниети ак. Мен Жети-Өгүз районунун Саруу айылынан болом, биздин үстүбүздө "Кумтөр" жайгашкан. Анын кесепетинен айылдын жаратылышы бузулду, мурдагыдай суу кенен эмес. Алма-өрүктөрдүн түшүмү жыл өткөн сайын начарлоодо. Садыр Жапаров биринчилерден болуп "Кумтөргө" каршы чыккан.
Садыр Жапаровго Атамбаевдин кишилери да каршы чыгып жатат. Анткени, аны түрмөгө Атамбаев отургузган, бийликке келсе менден өч алат деген чоочулоосу бар. Бирок Жапаров кекчил жигит эмес. Көлдүк жигиттер ачык, таза келишет.
Ал эми Бабановго айтаарым, айланайын, президент болом деп талапкерлигиңди койдуң, көп добуш алдың, мен да сага добуш бергем. Бирок андан кийин кетип калдың, саясаттан кеттим дедиң. Кайра келдиң. Кайра кеттиң. Эми дагы келдиң. Эркек деген сөзгө турушу керек да. Саясаттан кеттиңби, кет анда!
Текебаевди баарыбыз билебиз. Анын партиялык тизмеси өлкөнү ушул күнгө алып келди. Анын: "партиялык тизмени бизнеске айлантам" дегенин элдин баары айтып жүрүшөт. Бизнеске айланганы ушул болду, 2015-жылкы шайлоодо жана бул жылкы шайлоо эмнелерди кылганы белгилүү. Азыр да мурдун салып, дагы бир жерди чоюп алсам деп аракет кылып жатат.
Кыргыз элим, эскилерден кутулгула. Садыр Жапаровду колдогула. Ал эскиге да, жаштарга да кошулбаган 52 жаштагы жигит. Жаштар Садырдын жолу менен басып өскүлө, жетилгиле. Ал силерди да өстүрөт".