“Мен бүгүн кечке өлкөдөгү бардык саясий күчтөр менен жолуктум. Алар кимдер жана кандай сөз болгонун азырынча айта албайм. Мен баарынан сурандым: азыр бийлик талашып отурчу убак эмес. Өлкөгө туруктуулукту камсыздап, укук талаасына кирели. Эки айдан кийин жаңы система кабыл алынгандан соң шайлоо өткөрөлү дедим. Баары макул болушту. Бирок макул болушкандан кийин да бир-эки күч башка аракеттерди жасап жатыптыр”, - деди Садыр Жапаров бүгүн маалымат жыйынында.
Ал соцтармактарга “Садыр Жапаров Матраимовдор менен келишип алды” деген маалыматтар тарап жатканын жана алар чындыкка дал келбестигин белгиледи.
“Мен элге кайрылайын, айрыкча жаштарга, интрига кылган саясатчылардын калпына ишенбеңиздер. Биз эч кимди кызматка дайындай элекпиз. Жада калса пол жуугучка да эч кимди албадык. Биз мамлекеттик кызматтар мурдагыдай ишин уланта берсин деп жатабыз”, - деди Садыр Жапаров.