Жаштар эскилердин кереги жок деп кыйкырган сайын эски саясатчылар жабалактап кызматка жулунушууда. Көп жылдар өлкөнүн маанилүү бийлигин кармап, бирок бир өзгөрүү жасай албаган саясатчылар Адахан Мадумаров, Өмүрбек Текебаев, Өмүрбек Бабанов жана Алмазбек Атамбаев ушундай "талаштуу" мезгилде бирге болууну чечишкенин соцтармактарда жазып жатышат.
Алмазбек Атамбаев мамлекетти алты жыл башкарды. Бийликтен кетип жатканда кийинки президентти тандап алуу мүмкүнчүлүгүн элге койбостон, өзүнүн мураскерин чыгарып, административдик ресурсту колдонуу менен такка отургузган. Бирок анын жыйынтыгы кандай болгону баарына маалым. Бийликтеги доору атаандаштары чабышуу, атаандаштарына одоно пикирин айтуу, кимдир бирөөнү жамандоо менен гана коштолгон.
Өмүрбек Текебаев аркылуу сапатсыз парламенттин түптөлүүсүнө жол ачкан партиялык тизме кирген. Өмүрбек Бабанов өкмөт башчы болуп иштеген, бирок жыйынтык көрсөтө алган эмес. Мадумаровдун басып өткөн жылдарынан кыйкырыктан башка көзгө эч нерсе илешпейт.
Мына ушундай, өлкөнү сазга чогуу кептеген эски саясатчылар кайрадан бул миссияны колдоруна алууга аракеттенип жатышат. Эл булардан тажаганын дагы деле сезише элек окшойт.