Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 118

 Бүгүн, 6-октябрда саат 14:00дө Бишкек шаарындагы «Форум» имаратынын алдына «Социал-демократтар» жана КСДП партияларынын мүчөлөрү чогулат.

Иш-чарага Алмазбек Атамбаев жана мурдагы премьер-министр Сапар Исаков да келет. Алар тарапташтары тарабынан бүгүн, 6-октябрга караган түнү абактан бошотулган.

«Социал-демократтар» партиясынын штабы билдиргендей, жолугушууда Кыргызстандагы учурдагы абал жана көрүлө турчу чаралар каралат.

Ошондой эле «Социал-демократтар» менен КСДП партияларынын мындан аркы пландары талкууланат.

Булак: Баракелде