Абакта жаткан Равшан Жээнбековдун уулу Азат Равшан “Твиттерге” жазды. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, 2019-жылдын 12-декабрында камакка алынган. Ал Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган. «Жарандык көзөмөл комитети» уюму аны саясий туткун деп тааныган.
Мунун алдында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы депутат Садыр Жапаров да абактан бошотулган.
Булак: Элгезит