Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 61

Камакта отурган саясатчы Равшан Жээнбеков “Биримдик” саясий партиясынын жетекчиси Марат Аманкуловдун «эгемендикке акаарат келтирди» деп кескин сынга кабылып жаткан сөзүн “жагалдануучулук”, “коркунучтуу принципсиздикке чылгый сугарылган” билдирүү деп баалады.

Оппозиционер саясатчынын 28-сентябрда жарыяланган билдирүүсүндө “Кыргызстандын 30 жылдык эгемендигинин тажрыйбасы жетекчилер мамлекеттин эгемендик принциптерин толук коргой албаганын көрсөткөнү, эмне үчүн алар примитивдүү тышкы саясат жүргүзүп, улуттук кызыкчылыкты коргоодо жөндөмсүздүгүн көрсөтүп келатканы түшүнүктүү экенин" көрсөткөнү айтылат.

Жээнбеков “Бул тышкы саясат жана чек ара көйгөйлөрүнөн да, ЕАЭБ алкагындагы соода-экономикалык кызматташтыктан да көрүнүп турат” деп кошумчалады.

Аманкуловдун Орусиядагы жыйындардын биринде сүйлөгөн сөзү жазылган кыска видео Интернетте 26-сентябрда тараган. Анда саясатчы: «Биздин 30 жылдык эгемендигибиз ойлонууга жана кайтууга мезгил жеткенин көрсөттү. Евразия аймагында бириккен мамлекет гана Евразияда эгемен боло алат», - деп билдирген. Бул коомчулукта кескин сын жана кызуу талкуу жаратууда.

Марат Аманкулов сынга кабылып жаткан видеотасмага комментарий берип, аны атайын жасалган чагым деп баалады.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, 2019-жылдын 12-декабрында камакка алынган. Ал Бишкектеги №1 тергөө абагында отурат. «Жарандык көзөмөл комитети» уюму аны саясий туткун деп тааныган.

Булак: Азаттык