Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 245

Бир кезде Кыргыздын БАКАЙ атасындай болгон Дооронбек Садырбаев абабыз айткандай; “Сатыке! (маркум Сатыбалды Жээнбеков. Жусупжан Жээнбековдун агасы)  “Иниси бардын ырысы бар!” Сатыке, 100 мыкты агитаторумдун ордуна, сенин ушул жалгыз иш алып барган, Жусупжаныңдай иним болгондо, сен экөөбүз эле эмес, Кыргыз үчүн, күйүп-бышкан далай уул-кыздарыбыз элкызматына депутат болуп, шайланып чыкмак экен!"-деп аттиң кылганы эсибизде.

Тарыхты эч ким чийип сала албайт экен! Аккан арыктан суу агат! Же тарых кайталанат! –демекчи, 1995-96-жылдары А.Акаевдин бийлигинин төө бастысына карабай Жалал-Абад эли Сатыбалды Жээнбековду түп-көтөрүлө 3 ай боюу тикесинен-тик туруп, акыры депутат кылып шайлап алган.

2005-жылы Акүй көз көрүнөө Жусупжан Жээнбековдун  жергиликтүү бийлик аркылуу  добушун уурдап, өзүн куугунтукка алып жатканда Жалал-Абаддын борборунда 15 миңдей кылкылдаган эл облустук администрацияны  басып алуу менен Жусупжан Жээнбековду Элдик губернатор кылып шайлап алышкан. (Бул туурасында “Жалал-Абад революциянын алтын-бешиги!” аттуу тарыхый романда толук чагылдырылган.)

2005-жылдын ыңкылабына учкун болуп берген, Жалал-Абад көтөрүлүшүнүн лидери жана автору Жусупжан Жээнбеков өлкөнүн 2-президенти К. Бакиевдин бир туугандарынын туура эмес коррупциялык иштерине т. а. банк-ячейкаларынан уурдалган милиондордун, пикет-митингдерди, шайлоо фальсификациясын басуу үчүн Акүйдөн келген миллиондорду, орто жолдон олжолоп алган күч органдардын жана эски бийликтин чиновниктери менен биргелешкен кыңыр иштерин ашкерелеп киргенде “тез аранын ичинде аны куугунтукка алуу же тындым же дайынсыз жоготуу” маселеси коюлган!

Өмүрү таразага коюлуп турса да, Акүйдөн (себепсиз) “Кызматтан алынсын!- деген буйрук келсе да, карапайым эл, тикесинен тик туруп, өздөрү коргоого жана колдоого алып, облустук губернаторлук орунтугуна көтөрүп барып олтургузушуп, борборду көздөй жөө жүрүш менен жөнөп калганда, айласы кеткен президент Талас облусуна (ротация шылтоосу менен) губернаторлордун ордун алмаштыруу менен араң кутулган. Кийин бул кылганына Курманбек Бакиев катуу өкүнүп калганын да укканбыз!

Себеби - Жусупжан Жээнбековдун калыстыгы как жарып, ар дайым чындыкты көзгө сайып-сүйлөй бергени! Эркиндикти сүйгөн кыргыз элинин көзүн ачып, “Укугун билген Адам, улук!”-деп, бийликтин да, оппозициянын да коркпой-үркпөй былыктарын ашкерелеп, (вирустай) революциянын үрөөнүн Талас облусуна сээп келгенин (акыры-кеч) түшүнгөндөй аттиң кылыптыр. Анткени, 2010-жылы революциянын учкуну жана толкуну Талас облусунан башталган.

Кайсыл бийликте болбосун, Жусупжан Жээнбеков “Туура сүйлөсөң тууганыңа жакпайсың!”дегендей, туура сүйлөп жүргөн тилинин азабын тартып келет!

 Бийликке болгон Талас элинин кыжырдануусун байкап калган Акүй, губернатор Жусупжан Жээнбековду эптеп башка жакка жылдыруунун айласын издеп, КРнын Өзгөчө Кырдаалдар Министрлигине орун басар кылып жөнөтүп кутулушат.

Көп узабай Жусупжан Жээнбеков ошол кездеги бийликтин чекесине чыккан чыйкандай болуп, оппозициядагы (КСДП) Кыргызстан Демократиялык партиясы менен ЖКнын шайлоосуна аттанып, депутаттык мандатка ээ болот.

Эл өкүлү катары жогорку трибунадан кайрадан эл көйгөйүн, шайлоонун шайтан оюндарынан чыккан 1-ыңкылаптын себептерин, андагы уурдалган милиондор жана элдик революциянын жеңишинин уурдалышын, эгерде биз андан сабак албасак ыңкылап (революция) сөзсүз кайталанаарын, Адахан Мадумаров спикерлик кылган парламенттин Каркыра, Ысык-Көлдөгү пансионаттар жана Баткендеги жерлер боюнча чечимдерине  мараторий жарыялап турууну сунуш кылып чыккан. (Бул боюнча сүйлөгөн сөздөрү жана сунуш-талаптары ЖК архивинде жана КТРдин сандыгында сакталуу экенин да билебиз.) 

Тилекке каршы ал учурда бийликке тике карагандар жана чындыкты айтып чыккандар тындым кылынган же дайынсыз жоголо баштаган. Бул жел аргыдан Жусупжан Жээнбеков да кур калган жок.                                                                                       “Кабыргасынан койгон элдик маселелериңди токтотпосоң жакының же өзүң жок болосуң!”-деген талаптар коюлат! 

Ага да карабай, коюлган маселелерин аягына чыгарууга киришкенде, шам-чырактай уулу дайынсыз жоголуп, Жусупжан Жээнбековго эскертүү беришет! Ошол кезде, экинчи тараптан партия лидери менен да көз караштары дал келбей калганына байланыштуу, мандатын тапшырып, баласын издеп, акыры сөөгүн тапкан соң, баарын түшүнөт.

Ооба, “тарых кайталанат” демекчи.Жусупжан Жээнбековдун бир тууганы Сатыбалды Жээнбеков кезегинде, Аскар Акаевдин бийлигине биринчи каршы чыккан (кекиртегине такалган сөөктөй болуп). Элдин проблемасын көтөрүп жүрүп, белгисиз себептер менен ууландырып өлтүрүлгөн.  Ал эми уулу  Бактыяр Жусупжанов да  ишкерликтин, мигрант-журтташтардын БИРИМДИГИН уюштуруп, элге кылган (инвестициянын) жардамдардын үлгүсүн көрсөтүп жүрүп, белгисиз жагдайда  канкорлордун колунан курман болду!

Бирок мунун баары элдин жүрөгүндө түбөлүк өлбөстүккө айланып, ЖУСУПЖАН ЖЭЭНБЕКОВдун мизин дале майтара алган жок!

2010-жылы  так эле  Жусупжан Жээнбеков айткандай, 2-ыңкылап 1-ыңкылаптан жаман, кандуу болуп кайталанды. Болгондо да Таластан учкуну чыгып, бүтүн элди көтөрдү! Ошол эле банк-ячейкалар! Ошол эле атка-минерлердин марадерлугу! Ошол эле саясатчылардын улут аралык кастыкты жаратканы! Ошол эле карапайым элибиз жанын сайып бийликти алып берип, жеңишин уурдатканы! Ошол эле таз кейпибизди кийип калганыбыз! Айткандай эле коендой окшошуп, кайталанды.

Ага кошумча бул жолу түштүк эли сайпана саясатчылардын курмандыгына айланып, чоң азап тартышты.

Кылымдап жуурулушуп бир туугандай жашап келген эки элди бириктирүүдө, достугун бекемдеп, талкаланып-өрттөлгөн үйлөрүн кайра курууда, карапайым элдин көз жашын аарчып, жүрөктөгү жараларын айыктырууга далалат кылып, жаңы үйлөрдү, имараттарды куруп берип, адилет таратып, бөлүштүрүп берүү менен салым кошкон ЖУСУПЖАН ЖЭЭНБЕКОВдун  андагы эмгегин, жергиликтүү калк легендага айландырып, эсинде сактап  калышты. (Бул багытта өзүнчө тарыхый китеп жазууга арзыйт.)

2010-жылдагы түштүк коогалаңынан кийин кайра куруу дирекциясы өз вазыйпасын бүткөн соң, (жагалданууну билбеген) ЖУСУПЖАН ЖЭЭНБЕКОВ эч кимдин “чачпагын көтөрөм” деп, кызмат сурап, жаңы бийликке барган жок. Депутат болот элем деп да чуркаган жок!               

 Бир кездеги сапарлаш, катарлаш партиялаштарын да, кесиптештерин да саткан жок! Өз чарбасы менен алек болгон жай турмушка кеткени менен жан дүйнөсү карапайым эл менен ооруп, эл менен түйшөлүп жатканын жакшы билип жүрдүк.

Мына эми келме-кезек келген сыңары. Эч кимге чыккынчылык кылбаган (принцибине) касиетине ылайык, бир кезде үзөңгүлөш, сапарлаш, пикирлеш болуп жүргөн, учурда капаста жаткан досу Алмаз Атамбаевдин балдарынын өтүнүчү боюнча, (кеңешчи болуп) Социал Демократиялык партиянын туусун өз дубанынан көтөрүп чыкты. Бир кезде Алмаз Атамбаевдин түкүрүгүн жерге жеткирбей тазалап тургандардын бири да артын карабай качып кеткен учурда бул адамдын жасаган мамилеси (биз, адамзат унутуп калган) чыныгы адамдык касиеттен кабар берет! Же Жусупжан Жээнбеков өзү ар дайым, айткандан тажабаган: “Күндө, адам боюнча калалычы! Чыңгыз абабыз айткандай!”-демекчи, чыныгы достукка, элдин алдындагы ыйык жоопкерчиликке абдан бекем экенин далилдеп келе жатат.

Ушундан улам, сиздей адамдар көп болгондо Жусупжан ага, өлкөбүз сатылбаган-сатпаган кеменгер касиеттүү элге толуп, эчак эле бакыбат-бактылуу мамлекетке айланмак экенбиз деп калдык.

 Бар болуңуз! Эми да кеч эместир деп ойлоймун.

                                          Журналист Улан МУРЗАБЕКОВ, Булак: "Майдан. kg" гезити