Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 114

- Каныбек агай, президент Коопсуздук кеңешинин жыйында “форма 2” деген шылтоо менен элди бушайман кылып, добуш сатып алууга аракет кылгандарды баса белгиледи. Президенттин сөзүнөн кийин “форма 2” менен добуш сатып алууну пландагандар токтойбу?

- Алгачкы ирет заманбап шайлоо технологиясы жөнүндө айткым келип турат. Ошол эле Коопсуздук Кеңешинин мурдагы жыйындарында санариптик технологиянын маанисине көп көңүл бурулуп келген. Тиешелүү чечимдер кабыл алынып, өлкөнүн стратегиялык маселелеринин эң башкыларынын бири так ушул сан ариптештирүү ыкмасы делинген. Эй айланайын, төбөлдөр! Эми эмне болдуңар? Кана цифровизация? Биринчи кезекте ушул шайлоо өнөктүгүнөн башташ керек эле го? БШКнын бул технологияга болгон мамилеси кечээ эле партиялардын тизмесин каттап жатканда кашкайып билинди. Алардын каттоо дептерин мен илгерки колхоздун табелчисинин “эшек дептери” менен салыштырдым! Ошол табелчи абаларыбыз дептерин каалагандай жазып, оңдой беришип, дептеринин бети “көк-ала” болуп чыкчу! Анан калса ал дептерин өтүгүнүн кончуна тыгып коюп өздөрү бозо же кымыз уулап кетишчү. Көрүнгөн жерде жоготуп жиберип, аны көргөндөр алып келип беришип, элге күлкү болуп эле жүрүшчү. Айласыздан ушундай салыштырууга барат экенсиң. Кечээги Коопсуздук кеңешинде президент абдан ачуулуу эскертүү берди. Мен ал кишинин мындай абалын биринчи жолу көрүшүм. Оор басырыктуу инсанды тең салмактуулуктан ким жана эмне үчүн чыгарышты? Бул, албетте, БШКнын осол иши. Мен айтаар элем, алардын саботажы деп. “Форма 2” эчак эле өтүп кеткен атам-замандын ыкмасы. Шайлоонун эң булганыч аракети. Ууру-жасакер чиновниктердин эффективдүү куралы. Муну алар наадандык менен колдонуп жүрүшөт. Бул ишти компьютердик технология менен эле үн-сөзү жок бүтүрүп коюуга эмнеге болбосун? Болот. Президенттин катуу эскерүүсүнөн бери бир жума өттү, “форма 2” токтомок турсун кайра он эселенип күчөп кетти! Добушту сатып алуунун мындай «берекелүү» жолу дагы күргүштөп күчөй баштады. БШК менен жергиликтүү чиновниктер байлардын азгырык жолдоруна түшүп алышып, от менен ойноп жатышат!

- Ошол эле жыйында президент “баарыңарга мандат жетпейт. Утулгандар миңдеген кишилерди көчөгө чыгарбай утулганыңарды мойнуңарга алгыла” деди го. Шайлоонун жыйынтыгы чыккандан кийин эл толкуп кетет же нааразычылык күч алат деп кооптонуп жатабы?

- Президенттин мындай эскертүүсүн түшүнүү менен эле кабыл алганыбыз оң. Анын Конституциялык милдети ошол. Бирок, шайлоону уюштуруудагы орой мүчүлүштүктөрдүн фонунда бул билдирүүнүн маанисин эл башкача түшүнө башташты. Биринчи ирет БШКнын мыйзамсыз иштерин тыйып, паспортторду жыйноону токтотуп, акча таратып жүргөндөрдү катуу жазалап, адмресурстарды ачык эле колдонгондорду жумуштан кууп чыгып койсо, эл президенттин өзүн төбөсүнө көтөрүп алмак.

 - Шайлоонун жыйынтыгы чыгаар менен өз максатын ишке ашырууну көздөгөндөр чыгаарын, ал турсун алар тополоң чыгарууга да даяр экенин айтышууда. Неге алар Кыргызстандын стабилдүүлүгүн бузууга кызыкдар?

- Кыргызстанга тополоң салууну көздөгөндөр ар дайым эле болуп келген жана азыркы күндөрдө деле толтура. Ички жана сырткы күчтөр арбын. Ал турсун алар кийинки учурларда күчөп бара жаткандай сезилет. Бул биздин эң талуу жерибиз. Анын себебин жашырбай эле айтканыбыз оң. Бул, биринчи кезекте, экономикабыздын жана социалдык саясатыбыздын чабалдыгы. Экинчиси, кадр маселесинин биротоло талкаланып бүтүшү. Атың өчкүр непотизмдин биздин башкаруучуларды биротоло жүгөндөп минип алышы. Казынаны баш кылып, баардык каражат булактарын жана каналдарын уурулук жол менен талап-тоной башташкандыктары. Коррупциянын гүлдөп өсүшү. Ушул факторлор бүгүнкү Кыргызстанды кекиртектеп турат! Такыр колу-бутун тушап кетип бара жатат. Бул абалды оңдоп кетүүнүн акыркы 3 жылын бейпайда эле саясий жана интригалык оюндар менен өткөрүп жиберишти. “Covid-19” дагы кошумча болду. Элге таасир берип, аны алга жетектеп, акылдуу саясат жүргүзө турган инсандарыбыздын дээрлик көпчүлүгү байлыкка, бийликке ыктап жасакерлик жолго түшүп алышты. Мансапка умтулуп, шайлоонун адилетсиздиктен тайып калган шайтан оюндарына бой уруп, аралашып кетишти. “Интеллигенциянын каймагыбыз” дегендердин көбү болсо көр оокат кылып жагымпоздукту жактап, ага активдүү катышып алса, кээ бирлери кухня баатыры болуп алышты. Мындай интеллигенцияга убал жок деп айтат элем, мен! Мурдагы ардактуу акын-жазуучуларыбыздын, окумуштууларыбыздын, маданият кызматкерлеринин жана башка акыл эмгектин күжүрмөн өкүлдөрүнүн болбогон эле бир он жылдын ичинде толук деградацияга учурап, коомдун саркынды бөлүгүнө айланып калгандыктары мени өкүндүрөт. Өз абийирин, намысын сактап калгандары бар, албетте. Бирок, алар аз санда. Алардын дагы көбүнө бийлик кыр көрсөтүп, кээ бирлерин куугунтуктап, камап, урмат-сыйдан оолактатып койгон. Иши кылса, жапайы чытырман токойдун мыйзамы менен жашап жатабыз. Ушундай аянычтуу фондо же учурда албетте, ыңгайлуу абалды күткөн күчтөр кутуруп чыга келишет да!  

Булак: “Майдан. kg” гезити