Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 125

- Абдырахман мырза, президент резиденцияда өткөргөн Коопсуздук кеңешинин жыйында “форма 2” деген шылтоо менен добуш сатып алуу махинациясына токтолду го. Эми ал ыкма менен добуш сатып алууну көздөгөндөр токтойбу?

- Өлкө башчысы бул сөзү менен учурдагы кырдаал жөнүндө кабардар экендигин, зарыл болсо мыйзам бузгандарга чара көрүлөрүн эскертип жатат. Бирок, мындан ары “форма 2” боюнча аракеттер токтоп калат деп айта албайбыз го. 15 партиянын штабдарында жүздөгөн ар кандай адамдар иштеп жатышат. Алардын арасында ар кандай шылуундар толтура. Алар көздөгөн максатына жетүү үчүн болгон аракетин жасашат.

- Неге президент эрте жарыкта эле “баарыңарга мандат жетпейт. Утулгандар миңдеген кишилерди көчөгө чыгарбай утулганыңарды мойнуңарга алгыла” деп жатат?

- Эми ал кишиде ар кандай булактардан түшкөн маалыматтар көп да. Мүмкүн, кээ бир топтордун алдын-ал түзүлгөн пландары жөнүндө кабары бардыр. Ошон үчүн жеңилгендер чычалап, чырдабагыла деген максатта айтып жатат окшойт.

 - Шайлоонун жыйынтыгын тааныбайбыз дегендерди көкүтүп, ыңгайлуу мезгилди күтүп, Кыргызстанда тополоң чыгарууну көздөгөндөр бар дешет. Ишенсек болобу?

- Андай топтор жок деп эч ким кепилдик бере албайт. Кыргызстандагы абалды курчутууга кээ бир сырткы күчтөр да кызыктар болушу мүмкүн.

 - Мадумаров баштаган топ жана шайлоодо ийгиликке жетпей калгандар шайлоонун жыйынтыгын тааныбай маселе жаратышпайбы?

 - Бул эми, ар дайым эле болуп келе жаткан көрүнүш да. Бирок, шайлоонун жыйынтыгын БШК жарыялап, эл аралык байкоочулар тааныса, нааразы болгондордун арыз-муңдары ошол боюнча кала бериши да мүмкүн.

- Эмнеге акыркы мезгилде бийликчил партияларга негатив пикирлер көп айтылып жатат?

 - Бийликчил партияларды элдин баары жаман көрөт деп айтууга болбойт. Анткени, алардын да электораты бар да. Бирок, биздин сөз эркиндигин сыйлаган өлкөдө алардын дарегине көбүрөөк сын-пикирлер айтылууда. Мындай пикирдин жаралышынын негизги себеби административдик ресурстарды ашкере колдонгонуна байланыштуу го деп ойлойм.

- Баса, “Кыргызстан” партиясы да соттошуп атып, араң шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк алды. Партияны сотко сүйрөө БШКнын катачылыгыбы же жарандык көзөмөлдүн күчтүүлүгү болдубу?

- Алгач, жарандык коомдун өкүлдөрү, активисттер айрым партиялардын өкүлдөрү чуу чыгарышпаганда жабылуу аяк жабылуу бойдон калмак. Чуу чыгарып, маселенин аныгына жетүүгө аракет кылгандардан кооптонгон БШК “Кыргызстан” партиясын шайлоодон четтетти. “Кыргызстан” партиясы сотко кайрылды. БШК Жогорку сотко кайрылып, жыйынтыгы чыгып, ыраазы болгондор да, нааразы болгондор да болду.

- “Кыргызстан” партиясы соттон утканы БШКнын катачылыгыбы же маселе башка өңүттө чечилип кеттиби?

- Соттордун чечимин айрыкча Жогорку Соттун чечимин эч ким талкуулап, шек келтирүүгө укугу жок. Бирок, азыр эл арасында сотторго болгон ишеним төмөн болгондугуна байланыштуу ушундай күмөндүү пикирлер жаралып жаткансыйт...

-Соттон утулуп калган БШК эми “Кыргызстан” партиясына өчөшүп, шайлоодо мандатка ээ кылбай койбойбу?

- Андай аракеттер болушу да мүмкүн. Ошондуктан, “Кыргызстан” партиясы мыйзам бузууга жол бербей, шайлоо өнөктүгүн таза алып баруусу зарыл.

Булак: “Майдан. kg” гезити