Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 169

Аны азырынча билбейбиз. Бирок белгилүү саясий серепчи Бакыт Бакетаев ушундай оюн айтты. Анын айтканына маани бербей коюуга да болбойт. Кезинде Роза Отунбаеванын президент болорун алдын ала туура айтса, быйылкы шайлоонун шааниси менен “Бүтүн Кыргызстан” партиясы ыдырап, шайлоого катышпай каларын эчак эле айткан болчу. Ал айткандай эле болбодубу. Бул ирет Бакыт Бакетаев шайлоодон кийин кырдаалды курчутабыз дегендердин абалы чатак болорун айтып, аларга эскертүү берди.

“Шайлоодон соң нааразы тараптар сөзсүз болбой койбойт. Алардын кээ бирлери шайлоо мыйзамсыз өткөнүп айтып, кыйкырып чыгышары талашсыз. Көчөгө элди алып чыгууну каалаган күчтөр да болушу ыктымал. Мен аларга эскертүү бергим келет. 2005, 2010-жылдардагы сценарийди кайталоо мүмкүн эмес. Анткени, азыр массалык нааразылык абал жок. Ошондуктан элдин жардамы менен саясий кырдаалды курчутабыз дегендердин максаттары ишке ашпайт. өздөрүнө гана жаман болот, камап, камоолор болушу ыктымал”,- дейт Бакетаев.

Булак: "Майдан. kg" гезити