SIAR Research and Consulting компаниясы Center for Insights in Survey Research Эл аралык республикалык институтунун тапшырмасы менен социалдык иликтөө жүргүзгөн.
Сурамжылоо 6-15-августта уюлдук жана стационардык телефондор аркылуу маек ыкмасында компьютердик технологияны пайдалануу менен өткөрүлгөн. Тандоо Кыргызстандын 18 жаштан өйдө n=1,223 жарандарынын арасында жүргөн. Маектин 65 пайызы кыргыз, 35 пайызы орус жана 2 пайызы өзбек тилинде алынган.
Тема саясий партиялардын жана коронавируска каршы күрөшүүдө өкмөт тарабынан кабыл алынган чараларынын тегерегинде болгон.
“Кайсы саясатчыга же коомдук ишмерге көбүрөөк ишенесиз?” – деген суроого маек берүүчүлөрдүн 16 пайызы Өмүрбек Бабановду айтышкан. Ал эми Камчыбек Ташиевге 12 пайызы, Адахан Мадумаровго 11 пайызы ишенери белгилүү болгон. Төртүнчү орунга 7 пайыз менен Садыр Жапаров чыкса, андан кийинки орундар Жанар Акаев жана Өмүрбек Текебаевге тийген. Жетинчи орунда президент Сооронбай Жээнбеков. Анын артында Элвира Сурабалдиева жана Дастан Бекешев. Онунчу болуп Рыскелди Момбеков айтылган.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев тизменин он тогузунчу катарына илешкен.
Албетте, бул сурамжылоо жалпы кыргызстандыктардын так тандоосун билдирбейт. Бирок кандайдыр бир деңгээлде элдин саясатчыларга карата мамилесин туюндурат. Сурамжылоого катышкандардын басымдуу бөлүгү коррупцияга аралашпаган, мекенчил инсандарга ишенээрин билдиргени элдин тараза экенин дагы бир ирет тастыктады.