Кыргызстандын мекенчил, мамлекеттик деңгээлде ойлонгон жана коррупцияга аралашпаган таза уул-кыздары азайып баратат. Бул тууралуу Камчыбек Ташиев бүгүн абактагы саясий туткун Садыр Жапаровдун кичи мекенинин шайлоочулары менен жолугушууда билдирди.
Ташиев ак жерден айыпталып абакта жаткан Садыр Жапаров маселесине токтолду.
“Ниети, колу таза уулдарыңардын бири – Садыр Жапаров. Садырдын Кең-Суу айылынан чыкканына сыймыктанышыңар керек. Садыр үчүн жалпы Кыргызстан тынчсызданат. Баткендин Кулунду айылына барып калсам, жергиликтүү тургундар: “Садыр Жапаров качан чыгат? Аны кантип чыгарышыбыз керек? Эмнеге аны мынчалык кыйнап жатышат? Эмне күнөөсү бар? Бийлик андан коркуп жаткандай, бир билгени бар го, абактан чыгарса кайсы бир иштерине тоскоолдук жаратат го”, - деп жашы-карысы дебей кабатырланып сурашты. Мына, балаңардын кадыр-баркы”, - деди Камчыбек Ташиев.
Ал “Мекенчил” партиясынын парламенттик шайлоого баруудагы башкы максаттарынын бири – Садыр Жапаровду мыйзам чегинде эркиндикке чыгарып, соттуулугун жоюп, мамлекеттик кызматка алып келүү экенин белгиледи.
“Садыр Жапаровду чыгарып алабыз деген карапайым эл көп кыйналды. Кандай жолдон басып өткөнүңөр белгилүү. Ошондуктан, Садырды абактан чыгарып алуунун бир жолу калды. Парламентке көпчүлүк болуп барып, өкмөттү түзүп, чириген саясий системаны алмаштыруу зарыл”, - деди ал.
Жолугушуунун соңунда Кең-Суу айылынын тургундары Камчыбек Ташиевге ыраазычылыгын айтып, бата берип, алдына аргымак тартуулашты.
"Мекенчил" саясий партиясынын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тологонова Аида Бейшеналиевнанын тескөөсү менен жайгаштырылып, төлөндү