Адахан Кимсанбаевич сизге жакпаган суроо берилсе эле “сен буйрук аткарып жатасың, беш он тыйынга алданып жатасың”-деп жектеп, түз жооп бербестен ар кайсыны башын айтканды качан токтотосуз. Эми ушунча болду сизге жакпаган суроолор эмнеге пайда болгонун айтып берип койойунчу:
1. Бакиев сизди каржылайт деген сыяктуу суроолор эмнеге сизге көп берилет деп ойлойсуз? Бул суроону пайда кылган өзүңүзсүз.
Сизди бирөө Жаныш Бакиевдин колуна камчы карматып, үстүнө чепкен жаап бал тил менен макта деп зордогон эмес (Бул видеону көрбөгөн кыргыз калбаса керек). Сиз ошондо жагалдангандын классикалык үлгүсүн ошондо көрсөткөнсүз. Аныңыз аз келгенсип, Бакиевдер Кыргызстандан качып кеткенден кийин 2010-жылы үгүт иштеринин алкагында “Бакиевди сый урмат менен Кыргызстанга” кайтарып келем деп айткан сөзүңүздү бүт Кыргызстан көргөн. Эми ошонун негизинде сизге Бакиев боюнча суроо жаралабы же жокпу? Ошол берилген суроого түз жооп бериңиз да кыйшаңдатпай! Бүгүн эле эки түрдүү жооп бердиңиз: “Анын жазасын аллах берсин!” деп айттыңыз да, кийин кайра “Бакиевдин эмгеги сиңген” дедиңиз. Ошондо ага аллах жаза берсинби же эмгеги үчүн сыйласынбы? Бул эки түрдүү жоопту кантип чечмелесе болот. Бакиевдердин Медет Садыркулов баштаган саясатчыларды өлтүрүп эмгеги сиңгенин айтып жатасызбы? А баса сиз чын жүрөгүңүз менен Медет Садыркулов авариядан өлгөн деген версияга ишенесиз да (КТРКдагы дебатта айткансыз). Буга кошумча жетинчи апрель окуясынын катышуучуларын каза болгондорду баш кылып туруп, булар бир ууч топ жырткычтар, бомждар дегениңиз да чын да туурабы? Ушундай шектүү ар түрдүү пикириңизден улам Мадумаровду Бакиевдер каржылайт деген сөз чыгат да анан. Аны кече Бакиевдер менен кошо Беларусияда жүргөн Аскат Тейит да тастыктап сизди колдогон пост чыгарып анан кайра зыяным тийбесин деп өчүрүп салганынан көрдүк. Эми ушунун негизинде суроо жаралса ачык айкын, суроого арданбастан ачык жооп берсеңиз жакшы болмок!
2. Кыргызстандын жерин коңшу өлкөлөргө берүүгө кол кабыш кылган белеңиз деген суроолор эмнеге көп берилет. Буга да жалгыз өзүңүз күнөлүүсүз!
“Каркыра” жайлоосун Казакстанга өткөрүп берүү боюнча маселени Жогорку Кеңеш ратификациялаган. Анда Жогорку Кеңештин төрагасы СИЗ болчусуз. Сиз ушул документти парламентке алып келип, добушка коюп өткөрүп бергенсиз. Коопсуздук кеңешинин катчысы катары Тажик тараптан 375 метр жол тилкесин ижарага алуу боюнча протоколго кол койгонсуз. Муну менен сиз талаштуу участокту Тажик тарапка силердики деп моюнга алып койгонсуз. Анын айынан бүгүнкү күнгө чейин чек арадан кагылышуулар болуп жатат. Анан сиз бугүн парламентке бара жатсаңыз, ушул маселени эл анын ичинде журналисттер тактап сураш керекпи же сизге бул суроо жакпайт маанайын түшүрүп албайын деп бул суроону бербеш керек беле? Ой сиз айтып жаткан эл деле ойлонот да бул бийликке келип калса жерибиздин дагы бир жерин кемитип бирөөнө кармата койбойбу деп?! Ошондуктан жакпаган суроолорго жинденбестен, өзүңүздү салабаттуу кармап жооп бериңиз! “Сен он жашта кезде бул суроого жооп бергем, эми кайра сен сурап жатасың”- деп кайра догурунасыз да ботом журналисттерге. Билесизби бул суроо сизге өмүр бою берилет, балким наркы дүйнөдө дагы берилет. Анткени кылган ишке мойнуңуз менен жооп бериш керек.” Анан сиз айтып жатпайсызбы андай кыйын болсо бийлик мени он жылдан бери кылмыш из козгоп камабайбы деп. Ой тобоо кылдым. Жаман хитрый кишисиз да. Сизди Каркыра боюнча тергөө органы суракка ала алабайт. Анткени мыйзамда балчайып жазылып турат: “Депутат тигил же бул маселе боюнча айткан пикирлери үчүн жана берген добушу үчүн жоопко тартылбайт”- деп. Андыктан “Каркыра” маселеси мыйзамдуу сот органына караганга абийирдик соттун маселеси.
3.Биригүүлөр жана ажырашуулар боюнча суроолор.
Бул боюнча суроолорго сиз такыр арданбашыңыз керек. Анткени бир кезде Төрөбаев, Келдибеков, Ташиевдер менен биригип (ак калпакты баса кийип, ак чепкенди жамынып түшкөн сүрөтүңөр интернетте толтура) кийин кайра аларды эмне деп шыбагаңыз эсибизде. Менин Ташиевдикиндей заправкам жок, ач бала ток бала менен ойнобойт дегенсиз. И мейли эми чынында жаңылып калгандыр десек, ошол эле 2015-жылы бай чал Аскар Салымбеков менен бириге калып, а кишини тизменин сап башына коюп шайлоого баргансыз. Ал союзуңар эмне болгонун болсо көрдүк. Эми бул жолку шайлоодо мына мыктыларды чогулттум деп жаттыңыз эле Сариев, Кутушев, Ганиев баштаган саясатчылар “тойдум байдын кызына” деп баса беришти. Сиз болсо мени менен бириккен адам талаптарыма чыдай албай күйүп кетет деп ооз көптүрүп жүрөсүз. А чындыгында сиз өзүңүздү башкадан бийик койгондук, текебердик мамиле сизди эч ким менен бириктире албайт (Баса Ак-Жол партиясынан ЖКга келип төрага болгон соң, депуттарды кол алдыңызда иштеген кул сыяктуу айдап алганда эле көпчүлүк сизден түңүлгөн болчу). Сиздин жаныңызга сиздин сөздү хоп деген гана адам керек! Сариев сыяктуу саясатчылар андай мамилеге чыдай албайт. Ошол үчүн баса беришти. Ал эми Ишенбай Кадырбеков, Исхак Масалиев өңдүү эски жүздөр башка бараар жери жок, бул шайлоо аларга акыркы шанс болуп турганда сизге хоп дебегенге айласы жок.
4. Сиздин партиянын ичиндеги алешемдиктерди алып чыккан Динимухамед Ыбрайымов жана Турсунбай Бакир уулу боюнча:
Бул эки инсан туурасындагы суроо учурдагы актуалдуу. Анткени ушул эки инсан сиздин партиянын ичиндеги былыктарды элге алып чыкты. Андай кыйын болсоңуз ички маселеңерди сыртка алып чыгартпай ич ара чечип койбойт белеңиз. Сиз Турсунбай Бакир уулу съездден кийин көргөн жокмун, аны беш жылдан бери эч жакта жок болуп, анын үстүнө ооруп жатканынан алаксысын деп съездге конок катары эле чакыргам деген сөзүңүз эле сиздин кандай инсан экениңизди билдирип турат. Сиздин логика боюнча Бакир уулу ооруп үйдө жатып калганда алаксып айыксын дегенде болуп жатат да туурабы? Алаксып айыксындеген бул көбүн эсе психологиялык ооруларга тийиштүү. Демек сиздин пикирде Бакир уулу саясий жашоого аралаша албай калып психологиялык жактан жабыркап жатканда сиз кол сунуп сактап калайын деген турбайсызбы? Ыя кудай ушуга эми ким ишенет ыя?! Баса турсаңыз алланы ооздон түшүрбөй, тиги дүйнөнү көрүп келгендей сүйлөйгөнүңүздөн улам мусулман коомчулугу сизди колдоп келген. Бирок кече “Мен Бакир уулуна курман айтта кой союп алып барып бергем”-деп милдет кылганыңыз сизди эл көзүнө жакшы мусулман а ичинде иттин өлүгү жаткан турбайбы деген аныктама бергенге түрттү да туурабы?! Мусулмандын негизги сыпат болгон “бир колуң бергенди бир колуң билбесин”-деген принципти-Сиздин көкүрөктөгү жеке өчөшүү, таарынышуу жеңип кетти деп билсек болобу муну?! Ушундай жеке өчөшүүсү жеңип жаткан Мадумаров: “Бакир уулун тизмеге техникалык себептер менен кирбей калыптыр деп бир айтып, кайра туруп соттошом деп жаткан адамды тизмеге кантип кошобуз деп экинчи версиясын айтып” жатса биз кайсынысына ишенээрде билбей калдык. Антпей эле балким минтип ачыгын айтсаңыз оң болмок: “Ой урматтуулар шайлоодо үгүт иштерине, штабды кармаганга акча керек. Ошого Бакир уулунун акчасы жок болуп калып, пикир келишпестик чыкты”. Ушундай деп эле айтсаңыз эл балким туура түшүнмөк. Анан кап каяктагы “Бакир уулунун жүзүнөн коркуп, съездге конок катары келгенин билбей жаштар мандат берип койуптур”-деп жаш баланы алдагандай алдайсыз да. Анысы аз келгенсип “Бакир уулу тизмеге кошулган анан каяктан түшү калганын билбейм дейсиз тобоо” башкасы бүтүп ушул шылтоо калды эле. 120 миң кишинин тизмесин берип жатпагандан кийин, 120нын ар биринин фамилия атын карап текшерип туруп БШКга бериш кыйынбы? Кыйын эмес! Болгону сиз абалдан чыгуу үчүн ар кандай шылтоону айтып жатасыз!
Эми айта берсе сөз көп. Бирок эң негизгиси Адахан Кимсанбаевич, сизге берилген суроо сиз басып өткөн жолдун күзгүсү. Эгер сиз убагында Бакиевдерге чепкен жаппаганда, Каркыраны берүү боюнча ратификациялаган документке кол койбогондо, ар кимге кошула коюп кайра аркасынан жамандабаганыңызда мындай ачуу сизди арданта турган суроолор берилмек эмес. Дагы бир баса белгилей кетчү нерсе бул суроолор сизге өмүр бою берилет!