Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 261

-Буга чейин “Ата Журт” партиясынан депутат болгонсуз. Бул сапар “Мекенчил” партиясын тандап алганыңызга эмне себеп болду?

-"Ата-Журт" партиясы абдан күчтүү партия болгон, анткени күчтүү инсандар партияны түптөгөн - Садыр Жапаров, Камчы Ташиев, Акматбек Келдибеков. Ошондой эле  партиянын катары  тажрыйбасы өтө мол, билими терең, принципиалдуу инсандар менен толукталган болчу. Бирок саясатта ушундай тура, кайсы бир мезгилде көз караштар өзгөрөт экен... Эмне себептен "Мекенчил" саясий партиясы менен баратам, анткени Садыр Жапаров, Камчы Ташиев менен биздин көз караштар, алдыга койгон максаттар жана башка  баалуулуктар төп келишет. Ал - мамлекетибизде тынчтык болсо, элибиз бакубат жашаса деген тилек.

-Сизди  чындыкты айтуудан тайманып-тасалдабаган инсан катары билебиз.  Мурдагы чакырылыштардагы депутаттык ишмердүүлүгүңүз буга далил. Бирок ошонун айынан көп тоскоолдуктарга учурадыңыз. Тоскоолдуктар сизди курчуттубу же унчукпоого көндүңүзбү?

-Жашооңдогу, айрыкча саясий тоскоолдук сөзсүз түрдө курчутат. Албетте жүүнүң бош болбосо... Ошондуктан "күчтүү" саясатчы деген атка коносуң.

-Учурдун кайсы көрүнүшү сиздин жүрөгүңүздү өйүтөт?

- Коронавирус деген апаатка бийликтин туруштук бере албаган учуру жүрөгүмдү аябай оорутту...

-Кыргызстандагы аялдар теңдигине, укугуна кандай баа бересиз? Аялдардын таламын талашып жүргөнүңүздү билебиз, ал аракетиңиз менен аял жашоосун жакшыртууга салым кошо алдыңызбы?

- Аялдардын укугу  биздин мамлекетте канааттандыралык, бирок мындан да жакшыртуу зарыл. Ар бир аял- эне. Энелер улуттун учугун улаган соң  бактылуу болушу керек. Энелерсиз  улут уланбайт...

-Сиздин жашоо принцибиңиз кандай? Чындыкка таянуунун зыяны көп болдубу сиз үчүн, же пайдасыбы?

- Чындыкты айтуу кандай маселеде болбосун алдын ала туура чечим кабыл алууга шарт түзөт. Албетте,  чындыктын жолу узун... ошондуктан,  ал аралыкта адам баласы өтө көп азап чегип калышы мүмкүн. Бирок, аягында сөзсүз чындык жеңет. Садыр Жапаров "Кумтөрдүн" чындыгын айтканы үчүн, адам чыдагыс азап чегип жатат... Мен ишенем Садыр Жапаров эртеби, кечпи чындыкка жетет. Камчы Ташиев, биз баарыбыз биргелешип акыйкатты орнотобуз.

-Эл арасынан кайсы бир маселесинде чындыкты таба албагандар ушул убакка чейин сизге кайрылаарын билебиз. Кандай маселелер менен кайрылгандар көп?

-Айрыкча, соттор тарабынан адилетсиздик орун алганда кайрылышат, негизинен  ар түрдүү маселелерин айтышат. Үй-бүлөлүк маселеден баштап, тиричилик маселелерге дейре... Элдин арыз-арманын азайтыш үчүн эң биринчи карапайым элге иштей тургандай кылып сот реформасын жүргүзүш керек экен.

-Депутат болуу кандай мүмкүнчүлүктөрдү ачат? Сизге кайрадан эл өкүлү болууга эмнелер муктаждык жаратты?

- Депутат- эл өкүлү. Бир гана элдин мүдөөсүн аткарыш керек. Мамлекеттин, элдин кызыкчылыгын көздөгөн мыйзамдар чыгышы керек. Аткарылышын  көзөмөлгө алып, элибиздин жашоо- шартын жакшы жакка өзгөртүүбүз кажет. Биринчиси -  КР ЖКнин 6 - чакырылышынын көпчүлүк депутаттары чечкиндүү иштей албаганы, экинчиси -иСадыр Жапаров менен Камчы Ташиевдин алдыга койгон максаттары. "Кумтөрдү", деги эле кен байлыктар бир гана элибизге иштешине, элибиздин жашоо -шартынын кескин өзгөрүүсүнө бүт күчтөрүн жумшап, мамлекеттин стуруктурасын өзгөртүү жөнүндөгү ойлору менин кайрадан шайлоого аттануума түрткү болду. Урматтуу мекендештер,   "Мекенчил" саясий партиясынын программасын окуган соң мени оюма толук түшүнөсүңөр. Баарыңыздарга ден-соолук, ийгилик каалайм.

Булак: "Майдан. kg" гезити