Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 176

«Кыргызстан» партиясы 28-августта түнкү саат 10до журналисттерди маалымат жыйынга чакырып, Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкектин административдик сотунун чечимин аткарбай, «мыйзамды бузду» деп билдирди.

Партиянын лидери Канатбек Исаевдин айтымында, буга чейинки парламенттик жана президенттик шайлоодо добуш сатып алуу, шайлоо фондунан тышкары каражаттарды колдонуу фактылары көп жолу катталган.

Ага карабастан БШКнын ушул эле курамы эскертүү берүү менен чектелип келгенин, ал эми “Кыргызстан” партиясын техникалык ката үчүн каттабай жатканын кошумчалады.

“Бишкектин административдик соту биздин жүйөлөрдү эске алып, адилетүү чечим кабыл алды. Бирок Борбордук шайлоо комиссиясы документтерди кабыл албай жатат. Бул чечимин Жогорку сотко кайрыла турганы менен түшүндүрүүдө. Мыйзам боюнча соттун чечими дароо күчүнө кириши керек. “Кыргызстан” партиясы БШК менен болгон талаш-тартышты укук талааасында чечкенге даяр. Бул ишке Жогорку сот гана чекит коет жана биз шайлоого катышабыз деген ойдомун”, — деди Исаев.

Булак: Элгезит