Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 211

Анысын азырынча так билбейт экенбиз. Бирок шайлоого катышууну ниет кылып аткан саясий партиялардын тизмелери менен таанышкандан кийин ушундай ойго кептелип турган чагыбыз.

Себеби, гезитибиздин ѳткѳн санында Иса Ѳмүркулов “Мекеним Кыргызстан” партиясынын тизмесинде шайлоого бара турганын ишенимдүү маалымат булактарына таянып жазганбыз. Бирок аталган партиянын алдыңкы 20 тизмесинин ичинен Иса мырзанын аты жѳнүн жолуктура албадык. Сыягы, андан 40тын ичине кирген окшойт. Бул жагдай эмнеден кабар берет?

Иса Ѳмүркулов саясатчы катары ѳзүнүн ордун жоготтубу? Эмнеге таасири, капчыгы калың экенине карабай тизменин алдынан орун берилген жок? Белгилей кетсек, И.Ѳмүркулов биринчилерден болуп А.Атамбаевдин жүзүн буруп, бүгүнкү президенттин камчысын чапканга ѳтүп, бүгүнкү бийлик башындагыларга жакшы эле “кызмат” кылып берди эле. Ошондо бүгүнкү бийлик Иса Ѳмүркуловду да Сагынбек Абдрахмановдой эле пайдаланып туруп “кидать” этип салдыбы?

Күтѳ туралычы, тизме толук жарыялангандан кийин бул маселеге дагы кайрылабыз.

Булак: “Майдан. kg” гезити