"Партиянын тизмесинде 120 талапкердин ичинен 1 талапкер мага жагат, ошол үчүн ушул партияны тандайм" деген өтө опурталдуу чечим. Анткени Жогорку Кеңеш бул коллегиалдуу орган. Жоопкерчилик 1 адамда эмес, көпчүлүктө. Жогорку Кеңеште депутаттын сөзү эмес, чечими маанилүү. Чечим көпчүлүк депутаттардын добушу менен кабыл алынат. 1 депутат жагат эле деп тиешелүү партияны тандасаң, калган 119 депутаты кыргыз элинин кызыкчылыгына каршы добуш берип жатса анда артык кылам деп, тыртык кылып алабыз. Шайлоо системасы түп тамыры менен өзгөрүлүшү керек. Көпчүлүк тааныбаган, бирок бир лидердин артынан ЖК келип алып, кийин лидерин сатып, бийликтин сөзүнөн чыга албаган депутаттарга тарых күбө.
Айбек Мырза