Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 24-августта Жогорку Кеңештин депутаты, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын мүчөсү Жамалдинов Зиядин Исламовичтин депутаттык ыйгарым укуктарын токтотуу боюнча чечим кабыл алды. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, чечим Зиядин Жамалдиновдун жеке арызынын негизинде кабыл алынган.
Мындан улам анын күбөлүгү жараксыз деп табылат.