“Акыркы жылдарда “шайлоонун шайтан оюндары” деген идиома аң сезимибизге кирди. Шайлоодо чындыгында шайтан деле, бокочо-мокочолор деле жок. Аны шайтанга айландыргандар - саясатчылар, алардын чачпактарын көтөрө чуркагандар, андан аздыр-көптүр пайда тапкандар. Шайлоону шайтандын оюнуна айландырбоонун бир эле жолу бар, ал - мыйзамдуулукту бекем сактоо. Эгерде мыйзамдар бекем сакталса, “шайтандар” шайлоого ат чабым жакын жолобойт, добуш берүүлөр майрамдар, аш-тойлордой эле ынтымак-ырашкерликте, өз ара сый-урматта өтөт. Совет бийлигинин алгачкы жылдарында бабаларыбыздын шайлоолорго кудум майрамдагыдай маанайда жасанып-түзөнүп, ырдап-чордоп, жакшы маанайларда барышканын тарыхтан жакшы билебиз.
Саясат таануучу А.Акматалиев туура айткандай, шайлоолор демократиянын негизги көрүнүшү. Ал жерде карама каршы позициялар, кайчылаш көз караштар, биригүүлөр - ажырашуулар, атаандашуулар сөзсүз болот. Плюрализм, атаандашуу бар жерде өз ара сындар да айтылат. Ал да демократиянын, шайлоонун бир көрүнүшү. Бирок, алар чектен чыгып, шейшептерге чейин кагып-силкип, аңтарып-теңтерген чукулушмайларга, шыбашмайларга, жаалдуу каралоолорго айланып, персоналдаштырылган деңгээлге чейин түшүп кетпеши керек. Атаандаштардын ага чейинки аткарган иштериндеги кемчиликтерин, программаларын, концепцияларын, идея-идеологияларын сындап, альтернативдүү идеяларды, сунуштарды айтса болот, бирок бирөөлөр аркылуу бири-биринин артынан компроматтарды издеп, аларды дагы бирөөлөр аркылуу социалдык тармактарга, ЖМКларга таркатуу - саясый маданияттын, адеп-ахлактык планканын төмөндүгүн гана көрсөтөт.
Расмий түрдө үгүт иштеринин башталышына он күндөй бар, бирок тилекке каршы, социалдык тармактарда чукумайлар, шыбамайлар күч алды. Дүйнөлүк тажрыйбага ылайык, шайлоодон шайлоого саясатчылардын, сүрөөчүлөрдүн, коштоочулардын ж.б.у.с. саясый маданияттары да өсүп, адеп-ахлактык тормоздору бекемделиши керек эле, бирок бизде андай болбой жатат. Эл саясатчылардын виртуалдык чөйрөдө чукушкандарын, тытышкандарын “бири-бириңерге короздой көрүнгүңөр келсе да биздин алдыбызга келгенде козудай жоошуйсуңар” деп шылдыңдуу маанайда байкаштырып турат.
Бул шайлоого катышам деген партиянын бардыгына бирдей мүмкүнчүлүк берилди. Мурдагы учурлардагыдай, бийлик тарабынан айрым партияларга бут тосуп, аларды каттатпоо аракети болбоду. “Бийликтин партиясы” деген божомолдор, түкшүмөлдөр айтылган менен азырынча анысы деле белгисиз. Мурдагы убактардай көкүрөгүн ургулап, ачыктан-ачык болбосо да капталдан, тымызындан өмгөктөп чыккан бир деле партия жок. Азыр шайлоого катышам деген партиялардын бардыгына бирдей старттык шарт түзүлүп, ал бузулбай эле бара жатат. Биздин оюбузча, мындан ары деле ошондой болот. Ачыктан ачык мыйзам бузуу эле болбосо, бир да партия же блок шайлоодон четтетилбейт. Азыр эл башка болуп калган, административдик ресурс дегенди колдонобуз десе деле ал жарытылуу иштебейт. Биометрикалык ыкма, электрондук эсептөө киргизилгенден кийин бюллетендерди кочуштап урналарга таштамай, “карусель”, “өлүк жандар” деген көрүнүштөр жоюлуп, азыр “бир адам-бир добуш”деген принцип гана үстөмдүк кылып калган.
Добуштарды алдын ала тымызындан сатып алуулар болушу мүмкүн, бирок бир да партиянын шайлоочулардын бардыгы түгүл, жарымын сатып алганга да мүмкүнчүлүгү жетпейт. Кимди канча үгүттөбө, ал кандай убадаларды бербесин, баары бир кабинага киргенде кайсыл партияга добуш беришти ар ким өзү чечет. Анын үстүнө шайлоочулардын арасында бир партиянын сыйын көргөн менен кабинага келгенде экинчи өзүнүн көңүлү сүйгөн партияга добуш бергендердин көбөйүп бараткандыгы да айтылып жатат. Добуш берүүлөрдүн жүрүшү, жыйынтыктардын чыгарылышы параллелдүү түрдө жүздөгөн байкоочулар, партиялардын ыйгарымдуу өкүлдөрү тарабынан көзөмөлдөнүп турат. Бир адамды алдаса болот, бирок жүздөгөн адамдарды алдаганда, аларга билдирбей бир нерсени бурмалаганга мүмкүн эмес. Андай көрүнүш болсо, ошол замат жаңжал чыгат.
Демек, партиялардын лидерлеринин алдын ала эле тынчсызданып, ар кимдерден чоочулап, жок жерден душман издегенге реалдуу негиз деле жок. “Базарга бар да, бактыңан көр” дегендей, эч кимден коркпой-үркпөй, шек санабай эле элдин тандоосуна түшүшсө, калганын шайлоочулар өздөрү чечишет. Ал эми элдин тандоосунан, ыкрарынан бийик эч нерсе жок. Ал жакса да, жакпаса да моюндап, таануу гана керек. Негиздүү шек болсо, аны сот аркылуу чечүү зарыл.
Бирок, “сүткө оозун күйгүзгөн айранды үйлөп ичет” дегендей, мурдагы шайлоолордун комплекстеринен арылбагандар, анан өз күчтөрүнө ишенбегендер өздөрүнчө эле күйпөлөктөнүп жатышат. Бул бир анекдотту эске салат. Бир адам токойдо адашып кетип, “Жардамга! Жардамга! Акыбалым начар!”” деп кыйкырып жатса, аркасынан бирөө таптайт. Караса, бир чоң аюу туруптур. “Уктап жатсам, кыйкыра берип ойготтуң эле, келгенге аргасыз болдум. Эми абалың жакшырып кеттиби?”- деп сураптыр ал. Анын сыңарындай, артык болом деп жүрүп, тыртык болуп калгандар да жетишерлик экендигин эстен чыгарбоо керек.
Автандил Белеков, Булак: “Майдан. kg” гезити