Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 218

 Бул туурасында саясат таануучу Марат Казакпаев билдирди. Анын айтымында, мурдагы президент Атамбаевдин балдары негиздеген КСДП партиясы шайлоодо жетиштүү добуш ала албайт.

“Албетте, мурдагы президенттин тарапташтары бар, бирок алар аз эле. Балким, аларды Чүйдѳ, Бишкекте колдогондор болушу ыктымал. Бул аймактарда Атамбаевге боору ачыгандар дагы деле бар. Ал эми башка аймактардан добуш алышат деп айта албайм”, - дейт саясий серепчи.

Ал эми Атамбаевдин баласы Сеид Атамбаев: “биз шайлоого жетишебиз, мындай ишенимге социологиялык иликтѳѳнүн жыйынтыгы менен келдик”- деген билдирүү таратты. Ошол эле мезгилде партиянын шайлоого даярдыгы боюнча эч кандай кылган иштери кѳрүнбѳйт.

Булак: “Майдан. kg” гезити