Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 327


Саясат таануучу Азим Азимов парламентке 5 партия ѳтүшү мүмкүндүгүн айтты. “Мурдагы тажрыйбаны эске алганда, парламентке беш партия өтөт. Алдыңкы үчтүктө – “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан” жана “Кыргызстан”. Буга чейин жеңишке ээ болгон партияларда атаандаштарына караганда чоң тажрыйба бар”,- дейт саясат таануучу.

“Эгер шайлоо бир жыл мурун боло турган болсо, биринчи орунга “Биримдик” партиясын коймокмун. Анткени, бийлик, акча, административдик ресурс булардын колунда. Бирок пандемия жана экономикалык кризис бийликке каршы ойнойт. Президент, өкмөт коронавирус менен алышып жатат. Ал эми Матраимовдордун үй-бүлөсү башында турган “Мекеним Кыргызстан” партиясы бул башаламандыкта кайрымдуулук менен алектенип, стационарларды ачып, дарыгерлерди, ыктыярчыларды өздөрүнүн үгүт иштерине пайдаланууда. Менин оюмча, “Биримдик” экинчи орунду, “Мекеним Кыргызстан” биринчи орунду алат”, -  деди Азимов.

Анын белгилѳѳсүндѳ, алдыңкы бештикке туруктуу оппозициялык күчкө ээ “Ата-Мекен” партиясы да кирет. “Ата-Мекендин” төртүнчү орунга чыгууга жакшы мүмкүнчүлүгү бар. Коомдогу нааразычылыктын күчөп жаткандыгы жана бийликке болгон дооматтар “Ата-Мекен” үчүн жагымдуу шарттарды түзүүдө. Текебаев, Акаев, Момбеков негизги саясий чечендердин катарына кирет жана коомдун оппозицияга болгон талабынан упай топтой алышат.

Бешинчи болуп парламентке “Бир Бол” партиясы келиши  ыктымал. Азимовдун божомолунда, Алтынбек Сулаймановдун партиянын катарына прогресссивдүү жаштарды кошкондугу оң натыйжасын берип, шайлоонун жыйынтыгы менен 5-орунду камсыз кылууга мүмкүнчүлүгү бар.

Булак: “Майдан. kg” гезити