Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 154

Алдыдагы парламенттик шайлоого аракеттеги депутаттардан кимдер катышат, кайсы партиялардын курамында барат деген суроо көпчүлүктүн бүйүрүн кызытып турган кез. Айрыкча, Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаттарынан кимдер келип, кимдер калары кызык.

Бизге жеткен ишенимдүү маалыматтарга ишенсек, учурдагы КСДП фракциясынын 20дай депутаты ар кайсы партиялар менен кайрадан шайланып келери күтүлүүдө. Бийликтики делген “Биримдик” партиясы аркылуу төмөнкү эл өкүлдөрү келатат: Төрөбай Зулпукаров, Марат Аманкулов, Улан Примов, Айнуру Алтыбаева, Айнура Осмонова, Аида Касымалиева, Абтандил Кулбараков, Өмүрбек Бакиров, Сайдолимжон Жураев, Бактыбек Жетигенов, Азамат Арапбаев ж.б.

“Мекеним Кыргызстандын” тизмесинде Иса Омуркулов, Жылдыз Мусабекова, Искендер Матраимов, Кожобек Рыспаев, Гүлкан Молдобекова, Ильхом Маннонов бар.

Ал эми КСДПчы депутаттар Эльвира Сурабалдиева менен Рыскелди Момбеков өздөрүнүн тагдырларын Өмүрбек Текебаев менен сынашат.  

Булак: “Майдан. kg” гезити