Бизде парламенттик шайлоого баары катышкысы келет. Аткаминери да, жумушсуз жүргөндөрү да. Бул жолку парламенттик шайлоого катышкысы келгендердин катары артууда. Кызматтагы адамдардын шайлоого катышууларынын бир эле себептери бар: Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышы келип, өкмөттүн жаңы курамы түзүлгөндө сыртта калып калбайын деген эле аракет.
Болбосо, фракция өз адамын өкмөт мүчөлүгүнө сунуштап, аракеттеги министр ж.б. кызматсыз калышы толук ыктымал. Бир партиянын курамында шайлоого катышса, мандат жетпеген учурда да алдыдагы 5 жылдыкка өзүнө кызматты камсыз кылат.
Министр болуп келгени ишти кыйратпай жаткан айыл чарба министри Эркинбек Чодуев “Кыргызстан” партиясы менен шайлоого аттанып жатканын билдирди. Минтип Эркинбек мырза шайлоодон кийин жумушсуз калбоонун аракетин кылып атканы айтпаса да түшүнүктүү.
Мындан сырткары, ЖАМК кызматынын төрагасы Мелис Турганбаев да шайлоого катышуу үчүн кызматынан кеткени маалым болду. Бирок анын азырынча кайсы партия менен барары так белгисиз. Айтымда, ал дагы “Кыргызстан” партиясы менен барышы мүмкүн.
Бул айтылгандары гана. Эртең шайлоодон кийин мурдагы эле чиновниктер кайрадан тиги же бу кызматтарга дайындалышса, ага таң калбайлы. Шайлоого катышуу аларга ушул үчүн керек болчу.
Булак: “Майдан. kg” гезити