Сариев лидерликти "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын курамында парламенттик шайлоого аттанып жатканына байланыштуу тапшырганын "Азаттыкка" билдирди.
Баялиев төраганын милдетин "Ак шумкар" партиясынын кезектеги курултайына чейин аткарат.
2015-2016-жылдары өкмөт башчы болуп иштеген Темир Сариев алдыдагы парламенттик шайлоого адегенде «Ата Мекен - Жаңы дем» альянсы менен барарын жарыялаган. Кийин андан баш тартып, "Бүтүн Кыргызстанга" кошулган.
Булак: Азаттык