Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 496

 Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, “АтаЖурт” партиясынын тең төрагаларынын бири Ахматбек Келдибеков шайлоого “Мекеним Кыргызстан” партиясы менен бармай болду. Муну “Мекеним Кыргызстан” партиясынан кабарлашты. Ушундан улам айрым маалымат каражаттары “Мекеним Кыргызстан” менен “Ата Журт” партиялары биригишти дегендей маалыматтарды жазып чыгышты. Бирок бул маалыматты “Ата-Журт” партиясынын маалымат кызматы жокко чыгарды.

 Партиянын маалымат кызматынан билдиришкендей, Ахматбек Келдибековдун өзүнүн атынан башка партияга кошулууга акысы бар. Экинчиден, партиянын мүчөлөрү партиянын же саясий кеңештин чечими жок өз атынан кошулуп, меморандум түзүүгө укугу жок. Демек, Ахматбек Келдибековдун кошулуусун жеке өзүнүн кошулуусу катары гана кароо керек. Ал эми “Ата-Журт” партиясы бул шайлоого катышпайт. Маалымат үчүн айта кетсек, Келдибековдун Райымбек Матраимовдордун партиясына “учкашуусу” күтүлгөн нерсе болчу. Анткени, Райым Матраимов Келдибековдун уулунун өкүл атасы болуп эсептелет жана Ахматбек мырзанын жакын досу. Андыктан, шайлоонун жыйынтыгы менен “Мекеним Кыргызстан” көпчүлүккө ээ болуп, коалицияны түзүп калса, Ахматбек Келдибековдун спикер болуп калуу ыктымалдыгын да жокко чыгарууга болбойт.

Булак: "Майдан. kg" гезити