Саясат таануучу Зайнидин Курманов ѳлкѳдѳгү саясий абал боюнча саресеп салып, “мындан ары эмне кылуу керек?”- деген суроого пикирин билдирди. Анын айтымында, рационалдуу адамдар кетирген катачылыктарынан сабак алып, аны кайра кайталабаганга аракет кылат, бирок кыргыз саясатында андай эмес.
- Бизде эки революция болду, дагы үчүнчү, тѳртүнчүсүн каалап атышат. Эми революция болсо, анын кесепети ѳтѳ опурталдуу болот, эсибиз барда токтошубуз керек. Процесстерди жылдыра турган мезгил келди. Ли Куан Ю Сингапурду кантип жасады? Ал америкалык, франциялык саясатчылардын аракеттерин жалпылап, ѳз ѳлкѳсүндѳ пайдаланды. Ал биздин министрлерге окшоп талааларды кыдырып жүргѳн жок, ГЭСтин каскаддарын караган жок. Анын эмне кереги бар? Эмне, ал жакта бир нерсе жоготуп алышыптырбы?
Тилекке каршы, ушундай кѳрүнүштѳрдѳн улам Кыргыстан мурдагы советтик республикалардын ичинде артта калды, бизде алдыга бир да кадам жасалган жок. Ар бир беш жылдыкты нѳлдѳн баштап атабыз.
Ошондой эле Зайнидин Курманов максаттуу программанын жоктугу ѳлкѳбүздү артка тартып келатканын белгиледи.
- Кытайлардын стратегиясы 100 жылга ылайыкташкан, ошондуктан 4 модернизацияны ишке ашырышты, а биз 4 жылдык иштерди пландай албай жатабыз. Мындай болбошу керек. Биз анда кайыктай эле тиякка, биякка сүзүп, портко токтой албай жүрѳ беребиз. Ѳнүгүүнүн стратегиясын даярдоо керек. СССРдин курамында 5 жылдык экономикалык планды ишке ашырганбыз, демек, колубуздан келет. Тилекке каршы, ооз жүзүндѳ баары эле ѳлкѳнү сүйѳрүн, ѳнүктүрѳ турганын айтат, бирок иш жүзүндѳ алардын бири жок.
Булак: “Майдан. kg” гезити