Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 276

Аз күн мурда Ѳкмѳттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлү Узарбек Жылкыбаев кызматын ѳз каалоосу менен тапшырып, шайлоого аттанары белгилүү болгон.

Кѳпчүлүк аны “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан” партияларынын курамында катышарын боолголоп, күтүп жатышкан. Бирок кѳпчүлүк күткѳндѳй болгон жок.

Кечээ Узарбек Жылкыбаевдин “Республика” партиясынын курамында шайлоого катышары маалым болду. Муну кѳпчүлүк түшүнбѳй баштары маң болуп жатышкан кез. Узарбек Жылкыбаев үчүн  бийликтики делген партиялардан орун болбой, аргасыздан Бабановдун этегин кармадыбы, же башынан эле мындан аркы саясий тагдырын Бабанов менен байлаган беле?

Булак: “Майдан. kg” гезити