Бүгүнкү күндѳ ѳкмѳт кѳңүлдү коронавируска каршы күрѳшүүгѳ бѳлүп, анын натыйжасында башка багыттардагы иштер калып калууда. Атап айтканда, тамак-аш, энергетикалык коопсуздук ж.б. Мындай пикирин саясат талдоочу Калнур Ормушев билдирди.
Анын айтымында, шайлоодон кийин ушул жагдайлар ѳзүн билдирип, социалдык-саясий кырдаал курчуп кетиши ыктымал. Серепчинин белгилѳѳсүндѳ, кырдаалдын ѳнүгүүсү тѳмѳнкүдѳй сценарийде ѳнүгүшү мүмкүн.
Атап айтканда, парламенттин колдоосуна ээ күчтүү премьер-министр дайындалып, Кыргызстан декоративдүү президентине ээ толук кандуу парламенттик башкаруудагы ѳлкѳгѳ айланат.
Шайлоодон кийинки саясий жүрүштѳр кандай болуп, кырдаал кай жагына ѳзгѳрѳт, аны убакыт кѳрсѳтѳт. Башкысы, ѳлкѳбүздѳ тынччылык болуп, атың ѳчкүр илдеттен батыраак арылсак экен.
Булак: “Майдан. kg” гезити