Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 147

Ал партиянын саясий кеңешинин 12-августта өткөн жыйынында тартылган сүрөттөрдө пайда болду.

Партиянын Фейсбукка жарыялаган маалыматына караганда, жыйынга «Мекеним Кыргызстандын» саясий кеңешинин мүчөлөрү, аймактардагы өкүлдөрү жана Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов катышып, парламенттик шайлоодо алып чыга турган программанын финалдык версиясы иштелип чыкты.

Саясий кеңештин төрагасы Мирлан Бакировдун айтымында, партиянын программасы өлкөгө чыныгы реформаларды, ар тараптуу өнүгүүнү алып келет.

«Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынын съезди 19-августта өтөт. Программанын финалдык версиясы жакынкы күндөрдө партиясынын интернет сайтына, социалдык тармактагы баракчаларына жарыяланат.

Булак: Маралфм