"Ачыгын айтканда, өлкөбүздө абал абдан оор! Коомдук-саясий, социалдык-экономикалык багыттардын баары туташ кризистин эпкинин баштан кечирүүдө.
Элдин бийликке болгон ишеничи болуп көрбөгөндөй төмөнкү чекке түшүп кетти!
Кыргызстанды бул өтө оор кризистен сактап калуу зарылчылыгы жаралды. Болгондо да өтө тездик менен, чукул чаралар аркылуу өлкөнү кайра жандандыра баштабасак, эртең кеч болуп калат!
Биз, “Мекенчилдер”, өлкөнү бардык жагынан чырмап алган кризистен чыгуунун жолун билебиз! Элдин турмуш-тиричилигин кантип өзгөртүү керектигине көзүбүз жетип турат!" - деди Камчыбек Ташиев "Мекенчил" саясий партиясынын курултайында.
Ал "биздин бүгүнкү абалга келип жетишибизге биринчи кезекте жоопкерчиликсиз бийлик системасы күнөөлүү экенин жашыруунун кажети жоктугун" белгиледи.
"2010-жылы кабыл алынган Башмыйзамдын өзөгү – коррупциялык, олигархиялык, криминалдык бийликти түптөө болгон.
Бир дагы бийлик бутагынын жоопкерчилиги жок, башаламан, эч ким эч нерсеге жооп бербеген система түптөлүп калган.
Элди жөн гана шайлоодо кол көтөргөнгө мажбурлап, кол балага айландырышты!
Бардык бийликти партия лидерлерине берип коюу менен башатында коррупциялык системага жол ачылган. Жогорку Кеңешке шайлоого тизме түзүү партия лидерлеринин жеке бизнесине айланып калды.
Мунун кесепетинен мамлекетте адилеттүүлүк жок болду, жеке керт башын ойлогон байлардан куралган парламент бардык бийлик бутактарын кууратты! Мына азыр дагы ошол жол менен бара жатышат! Кайрадан олигархтардын, коррупционерлердин бийлиги куралганы турат! Муну мен жашырбай ачык айтып коюушум керек!
Ошондуктан, бизди Жараткан колдоп, элибиз сүрөп, көпчүлүк добуш менен Жогорку Кеңешке келе турган болсок – биринчи учурда мына ушул коррупциялык, олигархиялык, криминалдык бийлик системасын сындырып, жоопкерчиликтүү бийлик системасын орнотобуз! Башмыйзамга тийиштүү өзгөртүүлөр кирет. Бул биринчи багыт!
Экинчиден, чаржайыт, башаламан, коррупцияга жол ачкан шайлоо системасынан арылып, эл менен бийликтин ортосундагы байланышты кайтарып келебиз, анүчүн парламент депутаттарынын санын 120дан 75ке азайтып, бир мандаттуу шайлоо ыкмасын кайрадан киргизебиз. Эл өзүнүн депутатынын иш ыргагы жакпай баратса чакыртып алууга укук алат.
Үчүнчү багыт – адилеттүү сот системасын калыптайбыз! Буга чейин бул жаатта сөз жүзүндө гана реформа болуп келди. А чынында кардиналдуу жылыштар жок. Мурункудай эле тоок уурдаган адам өмүр бою соттолуп, суук колун элдик казынага салгандар тайраңдап, кутулуп кетип жатышат. Соттор бийликтин союлуна эбак айланган, азыр дагы ошол калыбынан жазган жок. Кыргызстанда чындап көз карандысыз, адилетүү сот системасы болбосо, эч качан алга жылуу болбойт, урматтуу туугандар!
Төртүнчү багыт – баарыбыздын жүрөгүбүздү чек арадагы кырдаал оорутуп турат. Айрыкча, Баткендеги абал катуу тынчыбызды алууда. Чек ара маселесин чечүү биздин партиянын артыкчылыктуу, приоритеттүү, бекем карманган багытыбыз болорун ачык айтыш керек! Мен кыргыз мамлекетинин бир метр дагы жерин бердирбейм!
Бул кадамдардын баары жыйынтыгында экономикалык чоң өзгөрүүлөргө жол ачат! Коррупцияга абдан катуу сокку болот! Көмүскө экономика ачыкка чыгат, Бажы, салык органдарындагы уурулуктарга чекит коюлат!
Мына ушул айтылгандардын тутумунда тез арада, кыска убакыттын ичинде Кыргызстанды терең кризистен алып чыгып кетүү жолдорун көрсөткөн анткризистик программабыз жана мыйзам долбоорлорун даярдап койдук! Жараткан колдоп көпчүлүк добуш менен парламентке келсек, чукул арада жылыштарды ар бир кыргызстандык жон териси менен сезет! Бул бюджеттен акы алган мугалимдердин, дарыгерлердин маянасын, пенсияларды, пособиелерди көтөрүүгө жол ачат!" - деди саясатчы.