Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 101

Жогорку Кеңештин депутаты, “Ѳнүгүү” фракциясынын лидери Бакыт Тѳрѳбаев “шайлоого элди алдап баруу мүнѳзүмѳ туура келбейт”- деп билдирүү жасап, күзүндѳ ѳтчү шайлоого барбай турганын айтты.

Бакыт Эргешовичтин чындап эле абийири ойгонуп, элге калп убадаларды бергенден жадап, шайлоого баруудан баш тарттыбы, же фаворит партиялар аны кошпой коюшуп, анан айласы кеткенде, “мышык майга жетпей сасык дептир” болуп атабы, азырынча белгисиз. Бирок ушул кезге чейин шайлоого барарын, жеңишке жетишерин баса белгилеп келаткан адамдын капыстан эле баш тартуусу ишенич жаратпайт экен.

Дегинкисинде Бакыт Тѳрѳбаевдин шайлоого катышпай койгонунан элге гана пайда. Жогорку Кеңешти биротоло ээлеп алышкан олигарх, акчалуулардын баары шайлоого катышуудан баш тартышып, башкаларга жол беришсе, андан Жогорку Кеңеш гана утуш алмак. Аттиң, бирок биздикилер антпей калышты го. Миллиондогон акчаларын сарпташып да болсо мандат алууга умтулушат. Баягы эле жүздѳр, саясатчылар кайра кайра эле келе беришсе, анан элдин парламентке болгон ишеними кайдан болсун…

Булак: “Майдан. kg” гезити