Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 413


Алдыдагы шайлоодо негизинен күрѳш “Биримдик” жана “Мекеним Кыргызстан” партияларынын ортосунда жүрѳ турганын саясий серепчилер азыртан айтыша баштады.

Парламенттеги саясий туруктуулуктун болушу үчүн “Биримдик” партиясы кѳпчүлүк добушка ээ болуп, коалициялык ѳкмѳттү куроо укугуна ээ болушу шарт. Бирок шайлоонун жыйынтыгы менен “Мекеним Кыргызстан” партиясы кѳп добуш алып, парламенттеги “Биримдиктен” таасир талашкан саясий күчкѳ айланса кандай болот?

Эгерде “Мекеним Кыргызстан” партиясынын артында турат делген Матраимовдордун кланы жеңишке жетчү партиялардын тизмесине ѳз адамдарын киргизип жатат деген пикирлерде чындык болсо, анда кырдаал чыны менен биз күткѳндѳй болбой калышы ыктымал. Матраимовчулар Жогорку Кеңеште кѳпчүлүк кылып калса, “Биримдик” фракциясына да, президентке да, ѳкмѳт башчыга да кыр, сес кѳрсѳтүп турган күчкѳ айланбайт дегенге кепилдик жок. Анда эле “кимдин кимдин заманы, Матраимовдордун заманы” деген абалга келбесек болду…

Булак: “Майдан. kg” гезити