Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 432

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуловдун бүгүнкү бийликке опол тоодой эле кызмат кылып келатканы белгилүү. Атамбаев-Жээнбеков маселесинде Жээнбековдун таламын талашып, азыркы президент үчүн тѳшүн дзотко тоскондой эле туруп берди.

Бирок ишенимдүү маалымат булактарына ишенсек, ушу күндѳ Иса мырзанын маанайы суз дейт. Себеби, “Биримдик” партиясынын катарына кошпой коюшуп, кайсы партиядан багын ачарын билбей кыйналды дейт. Логика боюнча, эгерде “Биримдик” менен шайлоого барбай калса, анда “Мекеним Кыргызстан” же “Кыргызстан” менен барышы керек. “Мекеним Кыргызстан” менен да бирге болушу арсар. Анткени, Матраимовдор үчүн  Иса Омуркулов “чужой” адам. Демек, “Кыргызстан” партиясына кошулушу керек. Арийне, ал партиянын да курамынан кѳрүнбѳйт. Дегенибиз, партиянын тѳрагасы Канат Исаев партбилеттерди тапшырып атат. Иса Өмүркуловдун партиянын билетин алганын кѳрѳ элекпиз. Айтор, бу шайлоодо Иса мырзанын абалы жакшы болбойт окшоп калды.

Булак: “Майдан. kg” гезити