Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 241

“Партиялар элди дүрбөтпөй таза иштеши керек”

- 15нен кийин эл арасында парламенттик шайлоо боюнча катуу аракеттер көрүлө баштайт. Шайлоого 7 партия ат салышып, 4 партия ийгиликке жетет. Укук коргоо органдары көзөмөлдү күчөтүп, мыйзамдарды күчүнө киргизбесе, көп добуш алабыз деген партиялардын арасындагы тирештерден чоң маселе жаралып кетиши ыктымал. Шайлоону тынч, таза өтсүн десек, баары мыйзам чегинде иш алып барышы керек. Болбосо партия арасындагы тирештердин айынан президентке чоң маселе жараткан жагдай орун алып калышы ыктымал. Партиялар шек алдырбай иштейбиз, чебердейбиз деп билгенин жасай бербей, элди дүрбөтпөй таза иштеши керек.

“Президент шайлоого таасир этпей, элге салып берейин деп турат”

 - Негизи президент “шайлоого таасир этпейин, эл өзү тандаган партиялардын парламентке келишине шарт түзөйүн, элге салайын”- деген ойдо турат. Буюрса, бул шайлоодо бийликтин таасири болбойт. Эл кимди шайласа, ошол партияга ийгилик жылмаят. Бул парламентке жаштар көбүрөөк келет, мурда кийин бийликке аралашып жүргөндөр азыраак келет деген аян келип жатат. Бу сапар шайлоого аттанган партиялардын баарынын эле капчыгы калың эмес. Көпчүлүгүнүн капчыгы бөксө болуп турат. Ошентсе да шайлоодо татыктуулар тандалат.

“Президент командасын алмаштырат”

- Президент да “кадрларын алмаштырсам, күчтүү кадрлардан команда түзсөм”- деп турат. Анткени, көп учурда президенттин командасы алсыз болуп, жүктүн көбү президентке түшүп, жылгыз мамлекетти көтөрө албай жатат. Кыргызстанда эки чоң өзгөрүү болот. Бири бийлик тарапта болот. Экинчиси көп адамдарга кандайдыр бир залакасын тийгизген өзгөрүү болот деген аян келип жатат. “Базарда иштегендерге, соода тарабындагыларга болуп көрбөгөндөй кыйынчылыктар жаралат” - Ошондой эле Кыргызстанда кыйынчылыктар, табыгый кырсыктар да болот. ГЭСтерде суу жок болуп, ал да чоң маселе жаратат деген белги келип жатат. Кыскасы, шайлоо менен эле маселе чечилип калбайт. Өзгөчө базарда иштегендерге, соода тарабындагыларга болуп көрбөгөндөй кыйынчылыктар жаралат.  Буюрса, ноябрдын онунан кийин жардам келип, кичине болсо да түйшүк жеңилдеп, жашообуз бир калыпка түшө баштайт.

“Болгон дооматты президентке эле оодара сала бербей өзүбүз да пейилди, ниетти оңдошубуз керек”

- Адамдар ар кайсыны ойлоп кыжаалат боло бербей, ден-соолугун карашы керек. Дары эле иче бербей жан дүйнөсүн тазалап, кудай тамактарды өткөрүп, Жараткандан суранышы керек. Анткени, элдин ниети бузула берсе, каатчылык мындан да узарып кетиши ыктымал. Ошон үчүн болгон дооматты президентке эле оодара сала бербей, өзүбүз да пейилди, ниетти оңдогула деген аян келип жатат. “Кийинки президент саясатка аралашпаган, таза, бою узун жаш жигит болот” - Президенттик шайлоого катышам деген дымагы күчтөр азыртан тымызын даярданып жатышат. Бирок, президент да эки адамга назар салып турат. Мага кийинки президенттик кызматка Полотхан, Исках Раззаков чыккан жерден, саясатка аралашпаган, таза, боюу узун жаш жигит президент болот деген аян келип жатат.

“Майдан. kg” гезити