Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 135

“Биздин аймактагы кайсы өлкөдө болбосун дестабилизация АКШнын улуттук кызыкчылыгына коркунуч туудурбайт, бирок өз позициясын бекемдөөгө мүмкүнчүлүк жаратат”, -деп эсептейт аналитик К. Ормушев.

Кыргызстанды ири, адамдык, экономикалык, аскердик ресурстары чексиз сезилген мамлекеттер курчайт. Учурдагы кооптуу кырдаалда бардык чакырыктарга жана коркунучтарга натыйжалуу баам салууга даяр болуу үчүн болуп жаткан процесстерди өз убагында жана адекваттуу талдап туруу керек. Саясатта,  заманбап глобалдуу заманда дайыма геосаясий абалды, айлана-чөйрөнү, факторлорду эске алып туруу өзгөчө маанилүү. Ашыкча эч нерсе жок, бир гана бизнес, башкача айтканда геосаясий чындык. Бул чындыкка көңүл кош кароо элди жана алардын мамлекеттерин чоң кайгыга, экономикалык жана аймактык жоготууга, согушка жана кан төгүлүүгө алып барат.

Биздин аймакта үч кызыкчылык, позиция жана саясат бар, негизги глобалдуу оюнчулар мындай: эгер Кытай жана Россия үчүн Борбордук Азиядагы, анын ичинде Кыргызстандагы  жалпы туруктуулукту сактоо маанилүү болсо, АКШ тескерисинче, биздин чөлкөмгө туруксуздукту экспорттоого кызыкдар.

СУАР, Тибет, Түштүк-Чыгыш Азиядагы маселеге бай Кытайга чек арасына жакын жайгашкан, жарылууга ыктылуугунан улам Збигнев Бжезинский “евразиялык Балкан” деп атаган Борбордук Азиянын өлкөлөрүндө тынчтыктын болушу зарыл.

Ички жана тышкы маселелеринин жана милдеттеринин татаал комплекстери бар Россиянын Кыргызстандагы кырдаалга мамилеси өткөн жылы калыптанды, президент Путин: “Өлкө саясий туруктуулукка муктаж. Бардык жарандар учурдагы президенттин айланасына биригүүсү жана ага мамлекетти өнүктүрүүгө жардамдашуусу керек”, - деди.

Ал эми АКШны алсак, биздин аймактын ар бир өлкөсүндөгү дестабилизация анын улуттук кызыкчылыгына коркунуч туудурбайт, бирок ар кандай геосаясий талкууда аргументтерин күчөтүп, өз позициясын бекемдеп алууга шарт түзөт.

Глобалдуу экономикага коронавирустук таасир АКШнын Кытайга карата бир топ агрессивдүү форматты тандап алышын шарттаганын эске албай коюу болбойт. Вашингтон бардык фронтто Кытайдын таасирин азайтууга басым жасап, а Пекин катуу каршылык көрсөтүп жана эл аралык пикирди өз тарабына оодарууга болгон күчү менен аракеттенүүдө.

Ушул жылдагы жайдын башталышында АКШнын мамкатчысы Майк Помпео Индияга жана Түштүк-Чыгыш Азиядагы башка өлкөлөргө Кытай тараптан туулган коркунуч АКШны аймактарга аскерин орнотууга аргасыз кылганын жарыялады. Факт жүзүндө бул аймактагы өлкөлөрдү Кытайга каршы коалицияга кошулууга жасалган чакырык. Индия, Малайзия, Индонезия, Сингапур, Япония жана таанылбаган Тайвань бул коалициянын мүчөсү болуп калган. Аталган өлкөлөр логистиканын өнүгүшүнө абдан керектүү болгон деңиз коммуникация аймагында жайгашкан (Индия океаны, Түштүк-Кытай деңизи жана Түндүк деңиз жолу). Аларды жаап салуу соода согушундагы олуттуу сокку. Бирок Пекин коронавируска чейин эле окуянын ушундай өнүгөөрүнө даярданган: кеме куруунун өнүгүшүндөгү маанилүү ийгиликтер америкалык флоттун кытай жээктерине жүз километрге жакын келишине жол бербейт.

Борбордук Азиянын абалы – учурдагы АКШнын башкы геосаясий каршылаштары болгон Россия менен Кытайдын ортосу. Вашингтон алардын биргелешкен аракетине жол бербөөгө тырышат (соода жолдорун өнүктүрүү, коопсуздукту жана Борбордук Азиянын туруктуу өнүгүшүн камсыздоо). Бул дүйнөлүк лидерлердин каршылашуусунда биздин аймактын маанилүүлүгү артат, жок дегенде жакынкы келечекте.

Бул контексте кайрадан негизги ролду Афганистан алат. Бул тынч эмес өлкө Борбордук Азияга, андан ары Россия менен Кытайга туруксуздукту экспорттоого мыкты мүмкүнчүлүк болуп берет. 

Иш жүзүндө АКШнын Афганистандагы өзүнүн аскердик таасирин кармоо боюнча жаңы стратегиясын айтууга болот. Баарынан мурда Трамптын 2020-жылдын ноябрындагы Афганистандан аскерлерди чыгарып кетүү боюнча чечими кайра каралат. Тактикалык тапшырма – түндүккө Кытайга каршы багытталчу жаңы террористтик түзүм орнотуу.

АКШнын “Талибан”, ИГИЛ жана жалпы Афганистанга карата саясаты, стратегиясы түзөтүлүүдө, бирок принциптер баштагыдай эле. Афганистандагы “Ислам мамлекетинин” форматын өзгөртүү ишке ашып жатат. 2019-жылдын соңунда талибдер Кундуз жана Нангархар провинциясындагы игилчилерди талкалашты, калгандары туткунга түштү. Кийинчерээк, америкалыктардын көрсөтмөсү менен экени так эле билинди, алар “Баграм” авиабазасына орун алмаштрып, эки топко бөлүнүштү.

Мурдагы СССРдин курамынан бөлүнгөн өлкөлөрдөн чыккан игилчилер (тажиктер, казактар, уйгурлар, орустар, өзбектер) америкалык инструкторлордун жетекчилиги алдында партизандык, мина-жардыруу ыкмаларын, конспирацияны тереңдеп үйрөнүп жатышат. 20-25 адамдан турган топтор Афганистандын түндүк-батыш провинцияларына жергиликтүү тургундарды кошуу менен согуш топторунун тармагын түзүү максатында жөнөтүлөөрү болжолдонууда. Америкалыктар жихадчыларга талибдер менен тирешүүгө тыюу салган. Игилчилер эгер талибдер баш ийүүнү талап кылышса, алардын көзөмөлүнө өтүү боюнча көрсөтмө алышкан.

Афганистандын түндүгүндө түзүлгөн бул түзүмдөр, этникалык курамын эске ала турган болсок, борборазиялык өлколөргө дестабилизация жаратууга пайдаланылышы мүмкүн. Борбордук Азиянын көптөгөн, арасында Сириядагы согуштук аракеттерге катышып, топтогон тажрыйбасы бар жарандары согуш уюмдарынын жетекчилигине дайындалып жатышы жөн жерден эмес.

Афганистандын түндүк провинциясынын ушундай игилдик интернационалга кошулуусу талибдерге жакпайт, бирок мында АКШ акчасына жана дипломатиясына таянат. Акчалай төлөмдөрдүн артынан АКШ талибанды жумшартып, бул маселеде компромисске жетишерине ишенет. АКШдагы НАТОнун командири О. Миллердин “Талибан” кыймылынын Катардагы офисинин башчысы Бардар менен жолугушуусунда Вашингтон талибдер менен элдешүүгө барууга жана алардын убактылуу өкмөткө сунуштаган талапкерин колдоого даяр экени билинген.

Бирок игилдик интернационалды колдоодон кескин баш тартчу афган калкы да бар. Бул фактор саясатты жөнгө салууну гана эмес, террордук уюмдун ребрендингин да талап кылды. Жаңы желек алдындагы жаңы топтор Бадахшан, Жаузжан, Сари-Пуль жана Фарьяб провинцияларында түзүлүп баштады. Отряддардын курамы 2 миң адамга жетет, а америкалык инструкторлор абдан жигердүү иштешүүдө.

Америкалыктар жихадчылардын ресурсуна абдан аяр мамиле жасашат. Алар борборазиялык согушкерлерди согуш талаасынан алып чыгып, талибандардын колу жетпеген аймактарга эвакуациялоого жардам беришүүдө. Ошондо, бир нече ай мурда америкалыктар жихадчыларды Жаузжан Нангархар провинциясынан, талибдердин курчоосунан алып чыгышкан. Ага дейре, 2017-жылы түшүнүксүз белгиледи вертолеттор согушкерлерди Логар, Нимруг, Кандагар түштүк провинцияларынан түндүккө, Чимтал уездине жеткирген (Балх провинциясы).

АКШнын карамагындагы жихадчылардын Афганистандын түндүгүндө топтолушу ИГИЛди кайра форматтоо жана Борбордук Азияга туруксуздукту экспорттоо үчүн узак убакытка созулган башка партияны түзүү жөнүндө коркунучтуу тыянак чыгарууга түрткү берет.

Кытай менен соода согушун эске алуу менен АКШ албетте, геосаясий абалы Борбордук Азияга да, Россия менен Кытайга да туруксуздукту экспорттоого шарт түзгөн Афганистандан баш тартпайт.

Мындай акыбалда глобалдуу геосаясий оюнчулардын  биздин аймактагы өлкөлөргө “бөл да бийлик жүргүз” принцибин ишке ашыруусуна жол бербөө керек. Провокацияларга алдырбоо абдан маанилүү, дүрбөлөң салуучу чакырыкты жакында АКШ В. Путиндин украиналык маселеге байланыштуу жасаган билдирүүсүнөн жасап, америкалыктар аны Кыргызстан менен Казакстандын коомдук-саясий чөйрөсүнө жана калкына “Россия Борбордук Азиядагы өлкөлөрдүн аймагына да ээ болгусу келет” деп жеткирди. Бизге бардык маселелерди жана кайчы көз караштарды, анын ичинде чек арадагы жана бажы көйгөйлөрүн коңшулук жылуу мамиле, биздин бир тууган өлкөлөрдүн ортосундагы достук жана кызматташтык боюнча базалык келишимдер менен чечүү зарыл. Ошол эле учурда бир гана биздин республиканын эмес, коңшуларыбыздын, баарынан биринчи Өзбекстандын, Тажикстандын жана Казакстан, Түркмөнстандын коопсуздугун камсыздоо башкы багытка айланышы аймактардагы маселелердин жөнгө салынышына, анын ичинде саясий тынчтыктын сакталышына өбөлгө болот, анда  глобалдуу оюнчулар – Россия, АКШ, Кытайдын эки тараптуу компромисс издей баштайт. 

 

Калнур Ормушев, аналитик-эксперт, “Майдан. kg” гезити