Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 128

Ырчы Сонун Кадырова Фейсбуктагы баракчасына билдирүү калтырды. 

"Урматтуу сагызгандай сайраган блогерлер!

Силер сайрасаңар дагы бир нерсени жакшылап аңдап, элдин башын айландырбай сайрагыла. Боло элек эле нерсеге тон бычпай. 

КАМЧЫБЕК КЫДЫРШАЕВИЧ ТАШИЕВ быйылкы шайлоодо чыныгы карапайым, жүрөгү таза,  мекенге жанын берүүгө даяр турган  өзүнө окшош  жарандарга кошулду. Мурда карышкырларга кошулуп, ак  көңүлдүгүнүн азабын тартып, жан дүйнөсү кыйналып келген. Башка мезгилде колдобогон  кыргыздар быйыл колойт. Мурдагыдан дагы  күйөрмандары көбөйөт. Садыр Нургожоевич Жапаров экөөнү колдогондор бириксе быйылкы ийгилик  "МЕКЕНЧИЛ"  партиясыныкы болору  анык. Партиясында белгисиз кандидаттар көп, электораты аз, акчасы аз деп күн  мурун ичи күйгөндөр!!! Билип алгыла,    алдыда  чыныгы  жан дүйнөсү  аруу  адамдардын жашоосу келди.  Акчага   алданса кандай жашоо күтөрүн эл түшүнүп калды. Ташиевдин тандоосун, алган багытын колдойм. АЛГА!!! БИЗ СИЗДЕР  МЕНЕН МЕКЕНЧИЛ!!! БАР БОЛУҢУЗ УРМАТТУУ ЭЛ  УУЛУ!!!", - деп жазды ырчы.