Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 144

Аида Жеңишбековна, акыркы убакта сиз соцтармактар аркылуу өзүңүздү таза, жаман иштерге аралашпаган, анан калса саясий себеп менен куугунтукка алынган саясатчы катары көрсөтүүгө активдүү аракеттенип жатасыз. Анда сизге бир нече суроо узатууга уруксат бериңиз:

1. Башкы прокурорлук кызматтан кеткениңизден кийин сиз тууралуу АКШдагы өкүлдүн орунун ээлегиси келип, Нью-Йорктон батир сатып алды деген имиштер тараган. Бул чынбы? Суроо риторикалык болгондуктан моюнуңузга албай койсоңуз да болот.

2. Эгер сиз ушунчалык эле таза жана принципиалдуу болсоңуз, анда эмнеге ошол убакка чейин кайсы кесипти аркалаганы белгисиз болгон, 90-жылдары кой уурдаганы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылган атаңыз, сиз бийликке келээриңиз менен Кыргыз Республикасынын айыл чарба тармагынын Эмгек сиңирген кызматкерине айланып, персоналдык пенсионердин пенсиясын ала баштады?

3. Сизди өлкөдөгү 50 миллион доллар капиталы бар эң бир бай аялдардын бири деп айтышат. Ушундайбы? Бул чындык эмес деп чыксаңыз албетте, ишенүүгө кыйын болот.

4. Бир жолу сиз туугандарыңызды колунда бар адамдар деп айткансыз, алар автоунааларды ташып келген ишкерчилик менен алектенерин белгилегенсиз, бирок  өлкөдөн ушундай бизнес менен эле ошондой байлыкты басып алган бир да адамды табуу мүмкүн эмес. Макул, алар чындап эле ошончолук бай болсо, анда эмнеге бул жылдар аралыгында ошол ишкерчилиги менен өлкөнүн бюджетине жарты тыйын да төлөшкөн эмес? Анда аларды контрабандист деп атоого болобу?

5. Сыдыковдун, анын уулунун иши боюнча сизге же сиздин ортомчуңузга бир жарым миллион доллар беришкени тууралуу имиштер бар. Калп-бышыгын билбейм, бирок кылмыш иши ошол бойдон козголбой калганы ырас. Мыйзамдуу болгонбу же жокпу, биз талкуулай албайбыз, бирок Сыдыковдун өзү да кандайдыр бир жазага кабылган жок, мунун өзү ар кандай ойду жаратат.

6. Эмнеге Турдумамбетов Турсунду башында кармап, андан кийин сот баш коргоо чарасын СИЗОдо эки айга кармоого чыгарып, бирок андан кийин прокуратуранын тергөөчүлөрү келип камактан бошотушканын түшүндүрүңүзчү? Кандай негизде?

Киши өлтүргүч жана террорист Итибаевдин амнистиясы боюнчачы? Кандай негизде сиздин убагыңызда ага үч жолу амнистия колдонушкан, өмүр бою кесилгенине карабай. Же башкы прокурор бул тууралуу кабарсыз болгонбу?

7. Сиздин карьераңыздын башталышына кайта турган болсок, сизди юстиция министринин статс-катчылыгына ким алып келген? Ал учурда кайсы бир жакка эң жогорку тараптын колдоосу жок көтөрүлүүгө такыр мүмкүн эмес болчу.

8. Исхак Масалиев жана Камбаралы Конгантиев менен кандай мамиледесиз?

9. Учурда сиздин туугандарыңыз жашап жаткан Ысык-Көлдөгү Ак-Марал вип-шаарчасындагы коттежди канча суммага сатып алдыңыз эле?

10. Эмнеге отставкаңыздан кийин Расул Умбеталиевдин “Күчтүү Кыргызстан” партиясына кошулуп, ага асмандагы айды алып берүүнү убадалап, андан соң айтканыңыздан танып, ара жолго таштап кеттиңиз? Ал киши сиз анын партиясынын репутациясын булгап салганыңызды жарыялаган.

11. Сиз президенттикке талапкер болууга камылга көрүүдөсүз, шайлоо алдындагы кампанияга акчаны кайдан аласыз, шайлоого барууга өтө чоң сумма керектелээри баарына белгилүү эмеспи.

12. Жогорку Кеңешке кантип депутат болдуңуз? Жада калса 2000 добуш да ала албай калып, парламенттен орун алуу үчүн 500 миң доллар бергениңиз айтылып жүрөт?

13. Батукаевди бошоткондо ал үчүн төлөнгөн акчанын жарымы жасалма болуп чыкканы жана жасалманын баары так эле сизге туш келгени, андыктан кимдир бирөө сизге карыз болуп калганы чынбы? 

14. Өлкөнүн жана Бишкектин бизнес-коомчулугу сиз башпрокурорлуктан кеткенде абдан кубанышканы эч кимге жашыруун эмес. Чын эле сиздин кол алдыңыздагы шимшилегичтер бизнести ошончолук муунтушканбы?

15. Жакында сиз Камила Дүйшөбаеванын ишине агаңыздын катыштыгы жоктугун жарыяладыңыз, бирок телефон чалуулар түшүрүлгөн барак анын кыз менен байланышы бардыгын так билдирүүдө, маркум тууралуу жаман кеп айтпайлы, бирок агаңыздын моралдык сапатын ойлонуу керек, анын үстүнө кыязы бул байланыш аны чарчатып, балким чындап эле кыздын көзүн тазалоого баргандыр? Жердешиңиз Турганбаев бул иштин бетин ачууга катуу убада берген, бирок бардык жиптин түйүнү сиздин агаңызга алып барып жаткандыктан убадасын аткара албады. Турганбаев кетти, абал да оордошту, анан сиз дароо саясий куугунтук тууралуу кыйкыра баштадыңызбы? Алмаз Шаршенович жана ИИМ сизди эмнеге куугунтукка алмак эле? Күчтүү оппозиционерсизби? Жок. Же сиз ЖК трибунасынан алардын кайсы бир кылыгын ачыктадыңызбы? Жок! Сиз балыктай дабышсыз отурдуңуз, анткени өз убагында кимдин табагынан тамак жегениңизди билесиз.

16. Жыйынтыгында сиз көптөгөн катуу билдирүүлөрдү жасап, президенттин колдоосун сезбегениңизди айтып кызматтан кеттиңиз. А кандай колдоону кааладыңыз эле? Эмне, жогорку кызматка дайындоо колдоонун жана ишенимдин бийик деңгээли болбойбу? Же негизи  мыйзамдын алкагында сиз аркылуу козголчу кылмыш иштери президенттин колдоосун талап кылчу беле? Анда сиз марионетка гана болчусузбу?

 

Соцтармактан

“Майдан. kg” гезити