Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 158

Учурда коомчулукту дүрбөткөн бийликти кулатуу боюнча чакырыктар арбын. Айрым жарандар мындай чакырык жасап жаткандарды Американын акчасын алган бейөкмөт уюмдардын кылганы катары баалашууда. Экс-депутат Өмүрбек Абдырахманов мындай билдирүүлөргө тамаша аралаш жооп кайтарды: 

"Эх, эгер мага, чыныгы америкалык саясатчыга бир аз доллар берип коюшса, мен бул системаны уратып, Саакашвилиге окшоп демократиялык ситеманы орнотмокмун. Реформа жасап, коррупцияны жок кылып, бийликке билимдүү жаштарды алып келмекмин... Бирок АКШ жардам берет, бирок Өкмөт аркылуу гана... А мага жашаш үчүн алма өстүрүүгө туура келүүдө. Андан көрө билимдүү жаштарды өстүрсөм жакшы болмок...".