Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 194

 Урматтуу блогер болумуштар жана учурдагы кыйынчылыкты жеке кызыкчылыгына пайдаланган саясататчылар! Силерге кайрылып, ушул кырдаалда тынч отуруп, чукулашмай бузуку оюнуӊарды токтото турууӊарды өтүнөм!
Эл кыйналып, мамлекет оор күндү башынан өткөрүп жатат. Ага кошулуп, элдин кайгысынан, нааразычылыгынан пайдаланып, бийлик талашуу аракети күчөп кетти. Кантип? 

Адамдардын өлүмүн, жайылып кеткен коронавируска азыркы бийликти күнөөлөп, “алсыз, атайын кылып жатат, кетириш керек”-деген чакырыктар фейк аккаунттар аркылуу талкуу жаратууда. 

Ооба, бийлик эле эмес, мамлекетибиз алсыз! Кыргызстан – Америка, Германия же Корея эмес! Кыргызстан экономикасы алсыз экени аз келгенсип, эли тартиби жок, бейбаш! 

Башка мамлекеттер коронавирусту кантип жеӊишти? Тартипти сактады, сабырдуулук менен карантин талабын бузган жок. Курттап кирип чыгып, вирус ташып келген жок!

Бизде кандай болду? Убагында карантин жарыяланды. Анда дагы курттагандар чыгып алып, “бийлик бизди камап салды, барыбызды карантинге камап коюп, түнү жер сатып жатыптыр”-деген ушактарга чейин чыгардык! 

Анан, карантин бүтүп, ал убакта вирус жугузуп алгандар айыгып чыгышты. 

Мына, бизди Кудай сактады деп жатканда эле, Россиядан догурунуп Кыргызстанды карай агылып эл жөнөдү. Болбосо, Россияда элдер массалык түрдө коронавирус менен ооруган болчу. Ошону билип туруп, Кыргызстанга туугандарына, балдарына келебиз дегендер жолго, талаага жатып алышты. Аны, саясатчылар, блогерлер пайдаланышып “Алып келиш керек. Соке, элин тентитип, талаага калтырды!”-деп ызы-чуу салышты. Пандемия күчөп, дүйнөдө эл кырылып жатса, биз темселеп той кылып, куран окутуп, көчөгө чыгып алып митинг кылып, тамагыбыз айрылганча шилекейибизди чачыратып кыйкырдык! 

2 ай кылган карантин текке кетти! Россиядан келгендер обсервацияларда жөн жатышпай, “мага шалык алып кел”-деп, калганы качып чыгып, врачтарды сабашты. 

Бейбаш, тартипке баш ийбегендиктен улам – азыр коронавирус миӊдеген адамдарга жугуп, жүздөгөн өмүрлөрдү кыйды. Анын арасында Чубак Ажы сыяктуу кылымда бир жаралчу аалымдарыбызды алып кетти. 

Ушундай болсо дагы, элдер күнөөнү, моралдык жоопкерчиликти бир аз сезип койбой, “эй Соке, кет, сен күнөөлүсүӊ”-деп бет тырмап жатабыз. Эмне, президент ар бириӊдин оозуӊарга түкүрүп вирус тараттыбы? Же, ар бириӊдин ден соолугуӊ үчүн ал гарант беле? 

Бийлик эмне кылсын? Болушунча аракет кылды, карантин кылды, ал убакта милдет кылып кыйкыргандарга азык түлүк таратты. Дагы эмне кылсын? Карызга баткан, экономикасы талкаланган Кыргыз мамлекети дагы эмне кылсын?! 
Качан милдет кылып, мамлекетти күнөөлөгөндү токтотобуз? Салыкты убагында төлөп койгондон качабыз. Светти төлөгүбүз келбейт. Анан мамлекеттен талаптарды кылабыз. Мамлекет деген – сен, ман ал жана биз! Мамлекет деген ал – Сокенин менчиги эмес. Качан адам болобуз туугандар? 

Эл кыйналып жатса дагы диван баатырлары тынч отурбай, революция кылууга чакырыктарды жасап, бузукулук кылып жатышат! 

Кыйынчылык учурда дагы бийликти басып алалы деген күчтөр бар. Энергиясын, убактысын жана болгон мүмкүнчүлүгүн президентти жамандоого жумшап.

Азыр мен түшүнбөйм. Ушундай кырдаалда, кылымда бир келчү апаат мезгилде дагы бийлик талашып, күч менен басып алгысы келген, элдин пейлин бузуп, кара пиар, жалган жалаалар менен алектенген адамдар бар экен. Азыр эл башкарган адам – шордуу! Ушундай бейбаш, тартипти сактабаган элге депутат болом деген адам шордуу!

Эч качан элге жакпайсыӊ, эч качан эл ыраазы болбойт, биздин кыргыздар. Наалып, сындап, чукулашып эле турушат. Ал тургай өзүнүн жашоосун эптей албаганы дагы “мамлекетти өнүктүрүү боюнча статегиялык планы” бар. Таксиге түшсөӊ мандаты жок депутат акыл айтат. Көчөгө чыксаӊ толтура мандаты жок депутат. Бары акылдуу! Акылсыз эч ким жок. Эмнеге ошол мамлекетти кантип өнүгүш керек деген сунушуӊарды, акылыӊарды өзүӊөргө жумшабайсыӊар?! 

Бүгүн, ооруп жаткан адамдар – жакындарынан, ишенген тааныштарынан, врачтардан, жаман болсо дагы мамлекетинен үмүт кылып, опора кылып турат. Аларды өлгөндүн үстүнө көмгөн кылып, фейсбуктагы бекерчилер “мамлекет болбой калды, мындай болсо эл кырылат”-деп жазып жатышат. Ооруп жаткан адам аны окуса эмне болот? Маанайы чөгүп, таянар тоосу кулап, жашоодон үмүтүн үзөт! 

Урматтуу блогерлер, бузуку замандаштар, саясатчы итибайлар! Азыр кое тургула, мамлекетти жамандап, оорулуулардын духун түшүргөндү. Убагы келет, анан чукулашып аласыӊар. Колуӊар бок болгуча чукулашып аласыӊар. Азыр бейтаптарга үмүт берип, ынтымак болуп, колдоп-коштоп, жакшы сөз айтышып турушубуз керек!

Силердей бузукулардын жагымсыз сөзү – адамдардын үмүтүн өчүрүп, өлүмүн эртелетип коюшу мүмкүн! Адам стресс абалга түшкөндө, иммунитетти жеген гормон пайда болот. Андыктан, бузукуларга кайрылам, кое тургула. Кыйын кырдаалдан пайдаланып саясий кызыкчылыгыӊарды аралаштырбагыла. Элдин тагдыры, мамлекеттин кайгысынан пайда издебегиле!

Дариха Исмаилова