Президент Сооронбай Жээнбеков "Биринчи радио" радиостанциясына берген маегинде коомчулукту кайчы пикирге түртүп жаткан шайлоо маселеси тууралуу пикирин айтты. Эске салсак, 4-октябрга белгиленген шайлоону кийинкиге, өлкөнүн эпидемиологиялык акыбалы турукташкан убакка жылдырууну бир катар саясатчы, депутаттар сунушташууда.
"Ооба, бул тууралуу угуп жатам, окуп жатам. Ар кандай күчтөр талкуу жүргүзүп башташты. Мамлекеттик бийликтин социалдык-экономикалык багыттагы максаттардан тышкары саясий да милдеттерибиз бар.
Ооба, азыр ар бирибиз өзүбүздүн, балдарыбыздын, ата-энебиздин ден соолугун ойлоп, сарсанаабыз. Аны мен түшүнүп, баарын билип турам. Негизги түйшүгүбүз ушул болуп калды. Бир жагынан дары-дармек тартыштыгы, экинчи жагынан дарыгерлерибиз жетишпей, негизги түйшүгүбүз ушул болууда.
«Кайдагы шайлоо, кайдагы саясат» деген суроо азыр жөндүү болуп, айрым мекендештерге жагып жатат, анткени кырдаал ошондой болууда да.
Бирок, урматтуу мекендештерим, президент катары айтам, баардыгы өз убагында аткарылышы керек. Кандай гана кыйынчылыктар болбосун, эртеңкини унутууга акыбыз жок. Ошонубуз менен элбиз, ошонубуз менен укуктук мамлекетпиз", - деди президент.
Жээнбеков мамлекетке түшкөн сыноодо, кыйынчылыктарда мыйзамды, Конституцияны бузуу менен башка жолго бургандарды ээрчип кетүү укуктук мамлекетти курууга тоскоол болоорун белгиледи.
"Ошондуктан, күздөгү парламенттик шайлоолор өзүнүн мерчемделген конституциялык мөөнөтүндө өтөт", - деп так кесе айтты президент.
Ал буга тийиштүү Жарлыкка кол койгонун жана Борбордук шайлоо комиссиясы мыйзам алкагында ишин баштаганын эске салды. Ошондой эле "шайлоо өтпөшү керек деп, бүгүн куру популизм менен алек болуп жаткан партиялар баш болуп каттоодон өткөнүң" белгиледи.
"Мен кайрылат элем, урматтуу «Ата мекен» жана «Республика» партиясынын квотасы менен дайындалган Борбордук комиссиянын мүчөлөрүнө. Ушул партиялардан шайланып, иштеп келген, иштеп жаткан депутаттарга ушул партиялардан кайра депутат болуп келем деген саясатчылар жана алардын күйөрмандарына айтаар элем. Саясат менен ашкере алектенип, элди шайлоого байланыштуу маселеде адаштырууну токтотууга чакырам. Бул Конституцияда каралган маселе. Жок дегенде ушундай кыйын кырдаалда жигитчилигиңерди көрсөтүп, саясий күрөштү мыйзам алкагында алып барууга үндөйм.
Мамлекеттин тагдырын, элдин тагдырын оюнчук көрүүгө эч кимге укук берилген эмес.
Мекендештериме айтаарым, көпчүлүгүңөр бийликти сындап жатасыңар. Андан да көбүңөр вирус менен күрөшүүгө жардам берип жатасыңар. Эң алдыңкы катарда илдет тарабасын деп чоң иш жасап жатасыңар. Мен сиздердин ушул жаратмандык позицияңарга таазим этем жана саясатчыларды сиздерден үлгү алса дейм.
Ток этерин айтканда, алдыда келе жаткан парламенттик шайлоолор Конституцияда аныкталган мөөнөттө өткөрүлөт. Борбордук шайлоо комиссиясы азыр иштеп жатат. Чыгымдарды азайтат. Бул боюнча тапшырмалар берилген. Өкмөт менен бирдикте пандемия шартында шайлоону өткөрүүнү караштырып жатат. Негизгиси эл саламаттыгына кедергисин тийгизбөө жагын карап жатышат.
Буйруса, бардык мамлекеттик органдар, Өкмөт, БШК, жергиликтүү бийлик, мен башында туруп, бардык партияларга, бардык катышкан жарандарга бирдей шарт түзүп беребиз", - деди Сооронбай Жээнбеков.