Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 174

Президент Сооронбай Жээнбеков "Биринчи радио" радиостанциясына берген маегинде учурдагы дары-дармек таңкыстыгына таңкыстыгына байланышкан көйгөйгө токтолду.

"Мен бул боюнча жалпы мекендештериме болгон кайрылууда дагы айткам. Калкыбыздын башына ушундай оор мезгил келип турганда ошол нерседен пайда табам деген адамдардын баары тең элдин душманы деп. Бир эле дары ташыгандар эмес, жалпы эле айткым келет, ишкерлерге, ар бир адамга", - деди президент.

Ал белгилегендей, бул маселе азыр  президенттин  жана өкмөт башчынын жеке көзөмөлүндө болууда. Ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдар буга көзөмөл кылып жатышат.  

"Экинчи маселе, негизги маселе — ошол ишкерлерди колдоо маселеси. Ошол фармацевтика тармагында иштеп жаткан, фабрика салып жаткан, дары, медициналык каражаттары чыгарып жаткан ишкерлерди колдоо маселесин колго алып жатабыз. Премьер менен дагы сүйлөштүм, болгон каражаттарды ушул багытка да жумшайлы, берели деп. Мамлекеттик банк, Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан, сырттан келген каражаттардан дагы ошолорго берүү, колдоо боюнча ишти колго алып жатабыз.

Көп дарыны сырттан алып келүү, импорттун ордун толтуруу боюнча дагы сүйлөшүп жатабыз, бул боюнча дагы иш болот. Негизгиси, мамлекеттин материалдык резерви бар. Мурун дары-дармектер дагы ошол жерге сакталып келген. Көп жыл болуп калыптыр, токтотуп коюшкан. Азыр мына Өкмөт менен сүйлөштүк, Өкмөт иштеп жатат. 65 эң керектүү деген дары-дармекти запас кылалы деп бул боюнча дагы иштеп жатабыз. Буюрса Өкмөт бул ишти жасай баштайт", - деди президент.