Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 159

"Биз баарыбыз азыр Кыргызстан деп аталган кайыктабыз. Мындай учурда биримдикте болушубуз керек", - деди депутат Алтынбек Сулайманов маалымат каражаттарынын бирине берген маегинде. 

Ал парламенттин жыйынына катышпай турганын, анткени анда баары бир эч нерсе чечилбешин белгилеген. Ошондой эле депутат учурда шайлоо тууралуу кеп кылуунун өзү одоно экенин айткан. 

"Азыркы абал жана мыйзам шайлоо өткөрүүгө жол бербейт. Андыктан биз, саясатчылар сөзүбүзгө этият болушубуз керек. Азыр ушундай абал болуп турат, эл саясатчыларды жактырбаган. Эл 6-чакырылыштын депутаттарын көрүүдөн жадады. Өзүңүздөр билгендей, эл 6-чакырылыштан араң кутулду", - деген депутат парламенттин жыйынга чогулуусунун кажети жоктугун билдирген. 

"Жыйын боло турган болсо мен барбайм, анткени баары бир оңчулуктуу чечим кабыл алынбайт. 5 жылда бул маселелерди чече албадык, демек азыркы убакта такыр чече албайбыз. Мен буга ишенбейм. Шайлоого 80 күн калды. Бул күндөрдө шайлоо алдында упай топтоо учуру деп айтылат. Мен муну саясий спекуляция деп атайм", - деген депутат.