Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 90

Айрым саясатчы, депутаттар пандемия маалында шайлоону токтото туруу зарылдыгын айтышууда. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алишер Мамасалиев да бул боюнча ѳзүнүн пикирин билдирди.

«Шайлоонун мѳѳнѳтүн ары жылдырууну талап кылып аткан жарандарды түшүнүп атам. Карапайым жарандар мамлекеттик башкаруунун спецификасын билбей турушуп, шайлоо жылдырылса коронавирус менен ооругандардын саны  азайат деп ойлоп жатышат. Бирок саясатта 15 жылдан бери жүргѳн адам катары айтайын. Биз 4-октябрда шайлоону ѳткѳрүп алууга болгон күчүбүздү жумшашыбыз керек. Биринчиден, пандемия  канчага чейин узарат, белгисиз. Балким бир ай, балким бир жыл. Андай болсо шайлоону келерки жылга калтырып коюш керек. Экинчиден, бийликтин бир бутагынын вакууму болбошу зарыл. Бизге жаңы ѳкмѳт башчы, жаңы ѳкмѳт керек, ал Жогорку Кеңештин жаңы курамы келмейинче болбойт. Азыркы депутаттар кетиши керек, алардын мѳѳнѳттѳрүн узартууга эч кандай негиз жок», - деди.

Булак: “Майдан.kg” гезити, №22 (457) 15.07.2020-жыл