“Эми чырылдап, кара пиар менен жанталашып жаткандарга айтып коюш керек болуп калды. Бүт тирүү жан коронавирус менен күрөшүп жатса, Атамбаевчил жана башка саясий күчтөр радикал кадамдарга чакырык жасап, бийликти күч менен басып алууга аракеттерди кылуу менен убара болуп жатышат. Кечээ эле уурулук, алдамчылык менен түрмөдө сасып отуруп, бүгүн чыгып алганы деле акыл үйрөтөт. Кыргызстан кыйналып жатса, кызмат талашып, бийликтин кадырын түшүрүп, анан элди көтөрөлү деген күчтөр бар.
Ооба, өкмөттө дагы кемчилик бар, мамлекетибиз жарды, башына тартса, бутуна жетпей жүдөп турабыз. Ага Сооронбай Жээнбеков эле күнөөлүү эмес, 30 жыл кыргыздын байлыгын мите курттай талап, карызга батырганга салым кошкондун бары күнөөлү. Бирок, азыр аны териштирип отурууга убакыт жок.
Биологиялык согуш болуп жатат, барыбыз жоокер болуп, колубуздагы курал менен жоого аттаналы. Бийликти жамандап, президентти кетирип жиберели деп кысталыш учурда кычагандар - алар чыныгы элдин душмандары, вирустук абал жетишпей жатканда, саясий абалды курчуталы, баш аламан кылалы деген акмактар!
Президент популизм кылбайт экен, жаагын жанып дагы какылдап сайрабай, унчукпай иштей берет экен. Анын тапшырмасы менен тийешелүү органдар, шаар башчылар, өкмөт ишин кылууда. Керемет жаратып жибере турган шартыбыз дагы жок. Мойнубузга алалычы, Кыргызстандын экономикасы бечара абалда! Бирок, арабызда азаматтарыбыз, жакшы адамдарыбыз, мекенчилдерибиз көп. Колдон, буттан алып, көмөктөрдү кылышууда. Кыргызстандын элине казактар, орустар суктанып жатат.
Президенттин сүйлөшүүсүнөн кийин, бүгүн Түркиядан атайын чартердик самолет менен өмүргө өтө маанилүү дарылар келди. Түрк эли бир туугандык сезимин кылып, кыйын учурда кол сунду, аларга рахмат айталы! Мындан мурда Россиядан гуманитардык жардам алды.
Туугандар, сабыр кылып, пейлибизди оңдоп бир муштумга бирикпесек, бул илдетти кантип жеӊебиз? Арабызда котур ташы койнунда, саналуу эле ириӊдер интрига кылып, социалдык сеттерди сасыта береби?
Эмне Кыргызстанга - кечээ эле жыгач атты 14 500 еврого баалап, жөнөкөй отургучту 100 миң сомдон сатып алгандар, "Кыргызгазды" 1 долларга сатып, кыргыздын энчисин жок кылгандар күйөт бекен?! Же, “Мегакомду” тоноп, миллиондорду уурдаган, атын бир эмес 3 жолу алмаштырган мошенниктерби?! Азыр былжырап жаткан саясатчылардын кимиси кыргыз үчүн жакшылык кылды эле, тарыхын карап көргүлөчү? Элдин көӊүлүн башкага буруп, учурдан пайдаланып калайын дегендерге - орой эле айтайын, бир жериӊерди эле кыскыла! Жолтоо болбогула, апааттан эсен өтүп алалы, эсептешип, сындашып, чукулашып алганга дагы убакыт табылат. Ага чейин демиңерди баскыла!
Аябай жакшы билебиз жана унуткан жокпуз, троллдорду жалдап алып, саясий абалды курчутуп жаткандардын көбү кечээки ууруларсыңар. Элди тоногон жегичтерсиңер! Ошол каражат, ошол күч, ошол энергияӊарды вируска каршы жумшагыла, силер коронавирустан дагы жийиркеничтүү экенсиӊер!
"Бийликти кетириш керек, биригип алып элди көтөрөлү"- деген бузукулуктан башка акылыӊар эмнеге жетет? Мейли, бийлик болбой калыптыр, силерде кандай сунуш бар, кандай жардам бере аласыӊар? Күзгүдөн өзүӊөрдү карагылачы, кечээ эле эмне кылдыӊар эле? Кыргызстанды мойнуна чейин карызга батырып, элди тентиткендер силер эмей, ким эле?!”- деп жазды Жунис Бекжанов.