Президент Сооронбай Жээнбеков судьялык ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьялык кызмат орундарына дайындоо үчүн 10 талапкер боюнча сунуштар келип түшкөн. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүү билдирет.
Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан талапкерлерге карата берилген материалдарды эске алуу менен президент судьялык кызматка 7 талапкер боюнча сунуштарга макулдук берди. Ал эми 3 талапкер боюнча материалдар Судьяларды тандоо боюнча кеңешине кайтарылды.
Жергиликтүү соттордун судьялык кызматтарына 7 талапкер боюнча КР Президентинин жарлыктары кабыл алынып, дайындалган судьялар Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна судьялык ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн жиберилди:
Абдуллаев Болотбек Абдырахманович;
Архарова Кымбат Кадыровна;
Жаналиев Бекболот Болотбекович;
Жээнбекова Альбина Бакеновна;
Жогоштиева Аида Токтосуновна;
Назаров Дамирбек Дүйшоевич;
Эсенбаев Нурлан Бердибекович.
Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Булак: Элгезит